Ачык сабактар


2022-жылдын 24-март күнү эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов ФЕ(б)1-19 тайпасына “Электродинамика жана САТ” предметинен ачык сабак өттү. Ачык сабакка кафедра башчы, доцент М.Ч. Осконбаев, кафедранын окутуучулары жана көмөкчү кызматкерлер катышты.

https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20220324134415-belek.jpeg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20220324134402-belek.jpeg


Ачык сабак

08.04.2022-ж. күнү ЭТФ кафедрасынын кезектеги ачык сабагын « Физиканын жана механиканын өнүгүүсүндөгү Галилейдин ролу. Декарттын эмгектериндеги дүйнөнүн механикалык сүрөттөлүшү” деген теманын алкагында, кафедранын окутуучусу А. Орозбаева ФЕ(б) 1-18 тайпасына өттү.

Сабакта интерактивдүү методдордун колдонулушу сабактын максатына жетүүгө чоң өбөлгө түздү. Студенттер аябай кызыктуу катышып, креативдүү ой жүгүртүүлөрүн көргөзө алышты. Сабактын жүрүшүндө 80% студенттер анализ, синтез жүргүзүштү.

Ачык сабакка катышкан окутуучулар сабакка өз бааларын берип, сунуш пикирлерин айтышты.



Ош шаардык мериясынын Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыкты өткөрүү жөнүндөгү 2021-жылдын 24-февралындагы №47 токтомунун негизинде 15-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин окуу имараттарынын ичинде жана короосунда ишембиликтер уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө экинчи жана үчүнчү курстар практикада болгондуктан, биринчи жана төртүнчү курстар активдүү катышып беришти.

12-апрель космонавтика күнү

Бүгүн Физика-техника факультетинин  ЭТФ  кафедрасы 2019-жылдын 12-апрель күнү “дүйнөлүк  космонавтика күнүнө” карата иш-чара жүргүшүштү.  Иш-чара  ЭТФ кафедрасынын 209-каанасында болду.   Иш-чараны кафедранын доценти, ф.-м.и.к.  М.Ч. Осконбаев алып барды. Атайын проектордун жардамында  “космос мейкиндигин өздөштүрүүдөгү орду:  Циолковский К. Э.” деген темада презентация-лекция жасап акырында кызуу талкуу болду. Үмүт ТВ  тартып кетти.


Ачык сабак

2023-жылдын 12-май күнү ЭТФ кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессору Ы. Ташполотов «Устат-шакирт» программасынын алкагында ОшМУнун сапат департаментти жана «Үмүт» телестудиясы тарабынан 550200 физика-математикалык багыттагы «Физика» профилиндеги 3-курстун студентерине өткөн ачык сабагын тартып кетишти. Ачык сабак «Электродинамика жана САТ» предметинен «Заряддалган бөлүкчөлөрдүн электростатикасы» деген темада өттү.


Ачык сабак

2023-жылдын 13-май күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев «Устат-шакирт» программасынын алкагында ОшМУнун сапат департаменти жана «Үмүт» телестудиясы тарабынан 550200 физика-математика багыттынын «Физика» профилиндеги 3-курс студенттерине өткөн ачык сабагын тартып кетишти. Ачык сабак «Катуу телолордун физикасы жана кристаллографиясы» предметинен « Аргасыз нурдануу . Лазер ”- деген темада өттү