Новости Архив

Конференции и семинары
Информациялык системалар жана программалоо кафедрасы 2023-жылдын 18-декабрында КРСУнун жогорку математика кафедрасынын улук окутуучу Комарцова Елена Алексеевнанын диссертациялык ишине жетектөөчү мекеме болуп, анын “Достаточные условия устойчивости решений линейных вольтерровых интегро-дифференциальных уравнений высоких порядков” аталышындагы диссертациялык ишин талкуулады. (Илимий жетекчиси: физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы боюнча лабораториясынын башчысы Искандаров Самандар)
2023-жылдын 1-декабрь күнү ОшМУнун профессору И. Кенжаевдин 70 жылдыгына арналган “Төртүнчү өнөр жай революциянын шартында өлкөнүн илимий-технологиялык өнүгүүсү” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга кафедранын окутуучусу З. Мурзакматова катышып, “Шаардын моделинин айланасындагы шамалдын кыймылын сандык моделдештирүү” деген темада баяндама жасады.














ОшТУда 30-ноябрь, 1-декабрь күндөрү т.и.д., проф. А.С. Джаманбаевдин 90 жылдыгына арналып өткөзүлгөн “Жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуунун проблемалары жана көмүрдү кайрадан иштеп чыгуунун заманбап технологиялары” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияда кафедранын улук окутуучусу С.Тажикбаева “Cуу-көмүр отунунун бөлүкчөсүнүн күйүшүнүн математикалык моделин иштеп чыгуу жана анализдөө” деген темада баяндама жасады.

2023-жылдын 23-25-ноябрында Ташкентте академик М.С. Салахитдиновдун 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү. Эл аралык конференцияга ИСП кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, профессорлор А.Сопуев жана К.Г. Кожобеков, ошондой эле доценттер А.Э. Сатаров, Н.К. Аркабаев, Н.А. Абдирайимова, А.М. Токторбаев, улук окутуучу Г. Омаралиева, жана окутуучулар З.Ж. Мурзакматова, Пакал уулу Долонбек, Ж.Токтомуратова катышышты. Конференцияда профессорлор А.Сопуев, К.Г. Кожобеков, доценттер А.М. Токторбаев, А.Э. Сатаров, Н.А. Абдирайимова, улук окутуучу Г. Омаралиева илимий изилдөө тармагына салым кошкон илимий баяндамаларын жасашты.






ОшМУда 21.09-30.09 күндөрү Туркиянын Анкара шаарындагы Middle East Technical University профессору Марат Ахмет лекция жана семинар өттү. Профессор Марат Ахметтин индекс Хиршасы 32, илимий макалаларынын саны 4минден ашык. Негизги илимий изилдөө багыты дифференциалдык теңдемелер, функционалдык анализ. Профессор Марат Ахметтин лекциялык жана практикалык сабактарына МИТ факультетинин профессорлору, окутуучулары жана аспираттары катышышты.

ОшМУда 2023-жылдын 15-16-август күндөрү Англиянын Оксфорд университетинен келген профессорлор Ariell Ahearn жана Troy Sternberg "Илимий изилдөө жүргүзүү, макалаларды жазуу жана аларды эл аралык журналдарга жарыялоо" деген аталыштагы семинар-тренинг өтүп беришти. Семинарга ИСП кафедрасынын доценти Б.О. Кочконбаева катышып, сертификатка ээ болду.
2023-жылдын 12-13-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Келдибай Алымкуловдун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий форумдун алкагында ОшМУда профессор Алымкуловдун илимий борбору ачылды. Конференцияга Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан белгилүү окумуштуулар катышты. Илимий форумга Испаниянын, Чехиянын, Германиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн математиктери онлайн түрдө катышып, докладдарын жасашты. ИСП кафедрасынын да окутуучулары илимий докладдарын жасашты.


2023-жылдын 12-май күнү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окумуштуу-окутуучу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Султаналиева Рая Мамакеевнанын 70 жылдыгына арналган «Азыркы илим жана билим берүүдөгү көйгөйлөр жана инновациялар» аттуу эл аралык илимий конференциясында “Шаар ичиндеги экологиялык зыяндуу заттардын таралышын сандык моделдөө” темада ИСП кафедрасынын окутуучусу З.Ж. Мурзакматова доклад жасады.


Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 2023-жылдын 28-29-апрелинде университеттин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына, окуу жай катары түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана профессор К.С.Алыбаевдин 70 жылдыгына карата “Илим жана билим гармониясы - коомду өнүктүрүүчү күчтөрдүн негизи” аталышта илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Эл аралык конференцияга ИСП кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, профессор А. Сопуев ошондой эле доценттер А.Э. Сатаров, У.А. Сактанов, Н.К. Аркабаев, А.М. Токторбаев, улук окутуучулар Н.А. Абдирайимова, Г. Омаралиева, Абдумиталип уулу Кубатбектер катышышып, доклад жасашты.


2023-жылдын 27-февраль күнү физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы боюнча лабораториясынын башчысы Искандаров Самандар ОшМУнун МИТ факультетинде «Вольтерра тибиндеги интегро-дифференциалдык теңдемелердин чыгарылыштарынын жарым октогу асимптотикалык касиеттерин изилдөөнүн кээ бир методдору» деген темада илимий доклад окуду. Семинарга ОшМУда эмгектенген профессорлор, доценттер, окутуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышты. Семинардын жүрүшүндө угуучуларды кызыктырган бир топ суроолорго жооп алынып, жаш окумуштуулар өздөрүнө жемиштүү малыматтарды алышты.