Негизги кесиптик билим берүү прогарммасы (НКББП)

Кыргыз Республикасынын

билим берүү жана илим министрлиги

 

 

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

 

Математика жана информациялык технологиялар факультети

 

 

 

БЕКИТЕМИН

ОшМУнун окуу иштери боюнча

проректору, саясий илим. кандидаты, доц.

_________________ Р. Абазбек уулу

«______» ______________  2017-ж.

 

 

 

 

 

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”

орто кесиптик билим берүү боюнча

 

негизги билим берүү программасы

 

 

 

 

Квалификация - техник

 

 

Окутуунун түрү: күндүзгү

 

 

 

2017–18-окуу жылы


                                               Жалпы жоболор

Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багыты боюнча орто кесиптик билим берүүнүн (ОКББ) негизги кесиптик билим берүү программасы (НКББП) Мамлекеттик билим берүү стандартынын  Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы аныктаган тартипте башкы ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилген. (Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (30- апрель 2003-жыл № 92), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакцияларында 28- декабрь 2006-жыл № 225, 31-июль 2007-жыл № 111, 31-июль 2007-жыл № 115, 20-январь 2009-жыл № 10, 17- июнь 2009-жыл № 185, 15-январь 2010-жыл № 2, 13-июнь 2011-жыл № 42, 8-август 2011-жыл № 150, 29-декабрь 2011-жыл № 255, 23-август 2011-жыл № 496, 29-май 2012-жыл № 347, 30-июль 2013-жыл №176, 15-сентябрь 2015-жыл №779/1, ОшМУ Бюллетендери №3, №4, №5, №6, №9, №18, №33).

НКББП билим берүү программасынын максаттарын, окутуунун натыйжаларын,  билим берүү процессинин реализациялоо технологияларын жана шарттарын, ушул багыт боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун баалоо сапатын жана төмөнкүлөрдү өз ичине камтуу менен: окуу план, окуу курстарынын жумушчу программалары, предметтери, дисциплиналар (модулдар), студенттерди даярдоо сапатын камсыздаган  жана башка материалдар, андан сырткары окуу календардык график жана тиешелеш билим берүү технологиясын  реализациялоону камтыган методикалык материалдарды регламенттештирет.

Каралып жаткан НКББПдагы атоолор (терминдер), аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар

Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү жаатында белгиленген тартипте кабыл алынган эл аралык документтерге жана НКББПга ылайык төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылат.

  • негизги кесиптик билим берүү программасы - максаттарды, Окутуунун натыйжаларыды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү жараянын ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун чектөөчү (регламенттөөчү ) окуу, усулдук (методикалык) иш кагаздардын топтому (документтердин жыйындысы);
  • сабактар цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бир бөлүгү же окула турган сабактардын топтому;
  • модуль – окула турган сабактардын бөлүгү;
  • компетенттүүлүк (зиректүүлүк) - тийиштүү тармакта кесиптик ишмердүүлүк менен аткаруудагы зарыл болгон  инсандык динамикалык сапаттарынын топтому, билими, шыгы, көндүмү;
  • техник - 1 жыл 10 айдан (11-кл.базасында), 2 жыл 10 айдан (9-кл.базасында) кем эмес мөөнөтү менен орто кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөндөргө аттестациянын жыйынтыгы боюнча ыйгарылуучу квалификация жана ал квалификацияга ээ болгондор үчүн белгилүү бир кесиптик ишмердик менен иш жүргүзүүгө же тийиштүү багыт боюнча «бакалавр», «инженер» академиялык даражасын алуу үчүн окууну улантууга укук берет;
  • кредит (чегерим бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
  • окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасын окуп өздөштүргөндүгүнүн жыйынтык билимдери, шык-жөндөмдүүлүктөрү, зиректиктери.

Кыскартуулар жана белгилөөлөр

Мамлекеттик билим берүү стандартында, НКББПда төмөндөгү кыскартуулар жана белгилөөлөр  колдонулат:

МББС – Мамлекеттик билим берүү стандарты;

ОКББ – орто кесиптик билим берүү;

НКББП – негизги кесиптик билим берүү программасы;

ОН – окутуунун натыйжалары;

ОУК – окуу-усулдук кеңеш;

НКББП ДЦ – негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын цикли;

ЖИК – жалпы илимий компетенциялар;

АК – аспаптык компетенциялар;

КК – кесиптик компетенциялар;

СИЖМК – социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар.