Негизги кесиптик билим берүү прогарммасы (НКББП)

Кыргыз Республикасынын

билим берүү жана илим министрлиги

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

БЕКИТЕМИН

ОшМУнун окуу иштери боюнча

проректору, саясий илим. кандидаты, доц.

_________________ Р. Абазбек уулу

«______» ______________ 2017-ж.

орто кесиптик билим берүүнүн

негизги билим берүү программасы

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”

Квалификация - техник

Оку ту унун т үрү: күндүзгү

201 6-17 окуу жылы

1. Жалпы жоболор

Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багыты боюнча орто кесиптик билим берүүнүн (ОКББ) негизги кесиптик билим берүү программасы (НКББП) Мамлекеттик билим берүү стандартынын Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы аныктаган тартипте башкы ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аныктаган тартипте, бекитилген. (Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (30- апрель 2003-жыл № 92), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакцияларында 28- декабрь 2006-жыл № 225, 31-июль 2007-жыл № 111, 31-июль 2007-жыл № 115, 20-январь 2009-жыл № 10, 17- июнь 2009-жыл № 185, 15-январь 2010-жыл № 2, 13-июнь 2011-жыл № 42, 8-август 2011-жыл № 150, 29-декабрь 2011-жыл № 255, 23-август 2011-жыл № 496, 29-май 2012-жыл № 347, 30-июль 2013-жыл №176, 15-сентябрь 2015-жыл №779/1, ОшМУ Бюллетендери №3, №4, №5, №6, №9, №18, №33).

НКББП максаттарды, Окутуунун натыйжаларыды, мазмунду, билим берүү процессинин реализациялоо технологияларын жана шарттарын, ушул багыт боюнча бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун баалоо сапатын жана төмөнкүлөрдү өз ичине камтуу менен: окуу план, окуу курстарынын жумушчу программалары, предметтери, дисциплиналар (модулдар), студенттерди даярдоо сапатын камсыздаган жана башка материалдар, андан сырткары окуу календардык график жана тиешелеш билим берүү технологиясын реализациялоону камтыган методикалык материалдарды регламенттештирет.

Каралып жаткан НКББПдагы атоолор (терминдер), аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар

Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү жаатында белгиленген тартипте кабыл алынган эл аралык документтерге жана НКББПга ылайык төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылат.

  • негизги кесиптик билим берүү программасы - максаттарды, Окутуунун натыйжаларыды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү жараянын ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун чектөөчү (регламенттөөчү ) окуу, усулдук (методикалык) иш кагаздардын топтому (документтердин жыйындысы);
  • сабактар цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бир бөлүгү же окула турган сабактардын топтому;
  • модуль – окула турган сабактардын бөлүгү;
  • компетенттүүлүк (зиректүүлүк) - тийиштүү тармакта кесиптик ишмердүүлүк менен аткаруудагы зарыл болгон инсандык динамикалык сапаттарынын топтому, билими, шыгы, көндүмү;

· техник - 1 жыл 10 айдан (11-кл.базасында), 2 жыл 10 айдан (9-кл.базасында) кем эмес мөөнөтү менен орто кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөндөргө аттестациянын жыйынтыгы боюнча ыйгарылуучу квалификация жана ал квалификацияга ээ болгондор үчүн белгилүү бир кесиптик ишмердик менен иш жүргүзүүгө же тийиштүү багыт боюнча «бакалавр», «инженер» академиялык даражасын алуу үчүн окууну улантууга укук берет;

  • кредит (чегерим бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
  • окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасын окуп өздөштүргөндүгүнүн жыйынтык зиректиктери.