Зирек ББК


ОшМУнун «ЗИРЕК» башталгыч билим берүү борбору

«Зирек» башталгыч билим берүү борбору негизинен 2013-жылдын ноябрь айында ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси, “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун негиздөөчүсү, КРнын экс президенти Р.Отунбаеванын колдоосу менен университеттин Окумуштуулар Кеңешинин 20.09.2013-ж. №1 токтомунун негизинде «Зирек» мектепке чейинки билим берүү борбор-бала бакчасы болуп ачылган.

2016-2017 - окуу жылынын август айында Ыйман гимназиясынын алдында “Зирек” балдарга билим берүү борбору түзүлүп башталгыч класстарга 55 окуучу кабыл алынган.

2017-2018 – окуу жылынын 29-декабрында ректор К.А.Исаковдун №1503 буйругу менен бала бакча толугу менен жабылып, 2018-жылдын 4-январынан ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын алдында түзүлгөн башталгыч класстары жаңыдан “Зирек” башталгыч билим берүү борбору деп түзүлүп, өз алдынча бөлүнүп чыккан.

“Зирек” башталгыч билим берүү борборунун негизги миссиясы: Окуучуларга билим берүүдө , кыргыз элинин улуттук баалулуктурын, үрп-адаттарын жана салтарын билүүгө, даңазалоого мектеп босогосунан тарбиялоо, улуттук тарбия менен окутуунун заманбап технологияларын айкалыштыруу менен балдарга мыкты билим жана таалим-тарбия берүү.

Максаты: КРнын мамлекеттик стандартынын негизинде окутуу менен балдарды эркин ой жүгүртүүгө өз оюн кеңири айта билүүгө үйрөтүү; тилдик жана математикалык элементардык билим, билгичтик, көндүмдөрүн калыптандыруу, окууга болгон кызыгуусун арттыруу, жекече шыгын, талантын, чыгармачылык жөндөмүн ачуу үчүн керектүү шарттарды түзүү, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ролун жогорулатуу.