Кафедарын милдеттери
альтернативный текст

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРИТЕТИ УЛУТТУК ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГДЕРДЕ


Мектептеги мугалимдер квалификациясын өркүндөттү

2022-жылдын 5-13-февраль күндөрү педагогика кафедрасы тарабынан “Квалификацияны өркүндөтүү” курсу уюштурулду. Курска факультеттердин педагогикалык эмес жаатындагы мугалимдери, педагогика кафедрасы келишим түзгөн мектептердин мугалимдери жана педагогика кафедрасынын окутуучулар курамы катышып, билимин өркүндөтүштү. Курстун башталгыч күндөрү педагогика кафедрасынын доценттери Батыралиев А.А “Жалпы педагогиканын негиздери”, Жутанова Г.А “Окутуу процессиндеги билимди баалоонун технологиялары” деген темада кызыктуу семинар өтүштү. Ал эми 11-12-13- февраль күндөрү КРнын эмгек сиңирген мугалими, Баткен областынын Лейлек районундагы #3 эксперименталдык гимназиясынын директору, педагогика кафедрасынын доценти Мадаминов Гапыр Маматкулович “АЭМдин негизинде окуучулардын, студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгүн уюштуруунун жолдору” деген темада семинар өттү. Семинардын аягында жалпы мугалимдер көптөгөн маалыматтарга ээ болгондугун айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.


Мектептердин аталышы

Мектептин дареги

Окутуу тили

Мектеп директорунун аты-жөнү

Директордун тел. номери

Кафедрадан

жооп туулар

Кафедра мүчөсүнүн тел.номери

1

“Жетиген”

мектеп-лицейи

Т.Касымбеков көчөсү

кыргыз-орус

Момонов Зайнидин Жетимишович

0778 323 444

Маматова Жибек Топчубаевна

0772 450 206

0772 341 801

2

№2 Карл Маркс атындагы

мектеп-гимназиясы

Ташкент көчөсү, 50

кыргыз-орус

Нарымбаева Элвиза Тойчубековна

0773 412 833

Абдыманап кызы Айгүл

0772 641 717

3

№3 М.Ломоносов атындагы

мектеп-гимназиясы

К.Датка көчөсү, 97

орус

Осекова Гүлмира

Абыловна

0553 196 335

Байсубанова Венера Андреевна

0770 358 899

0555 250 021

4

№4 С.Киров атындагы

мектеп-гимназиясы

В.Ленин көчөсү, 311

орус тилинде

Жусубалиева Бактыгүл Токсонбаевна

0777 897 514

Жакупова Галина Спатаевна

0700 983 970

5

№ 5 Ж.Бөкөнбаев атындагы

мектеп-гимназиясы

Н.Исанов көчөсү

кыргыз-орус

Дуйшеева Максаткан Акуновна

0553 271 169

Бегматов Студент Искендерович

0772 776 272

6

№ 6 А.Макаренко атындагы

мектеп-гимназиясы

А.Масалиев көчөсү, 48

орус

Будникова Елена Александровна

0555 694 843

Сүйүнбаева Мария Сүйүнбаевна

0550 077 039

0777 847 791

7

№7 Нариманов атындагы

мектеп-гимназиясы

Ош көчөсү, 75

орус

Шафиева Фируза

Айратовна

0772 190 135

Маматова Жибек Топчубаевна

0772 450 206

0772 341 801

8

№14 К.Алтыбаев атындагы

мектеп-гимназиясы

Кулатов кичи району

кыргыз-орус

Матанова Дилбар Базарбаевна

0552 915 627

Бубаева Зайна Жолдошовна

0705 481 886

0773 481 886

9

№17 Ю.Гагарин атындагы

мектеп-гимназиясы

В.Ленин көчөсү, 294

кыргыз-орус

Абдрахманова Нурийла Абийбуллаевна

0552 231 077

Сапарова Бадам

0773 000 188

10

№18 А.Навои атындагы

мектеп-лицейи

А.Масалиев көчөсү 37

кыргыз

Акматов Жоомарт

Алдыраманович

0776 790 102

0557 790 102

Жутанова Гульмира Атанбековна

0777 767 574

11

№22 С.Шарипов атындагы

мектеп-гимназиясы

А.Масалиев

көчөсү 23

орус -өзбек

Сайдалимов Батыр Хасанбаевич

0556 452 245

Тажикова Бактыгуль Шариповна

0773 667 473

0559 100 110

12

№38 Б.Алыкулов атындагы

мектеп гимназиясы

У.Салиева көчөсү

кыргыз-орус

Юлдашева Бегайым

Айталиевна

0550 812 868

Айдарова Жыпаргүл Мусаевна

0777 767 778

13

№50 П.Нышанов атындагы

мектеп гимназиясы

Анар к/р.

кыргыз-орус

Убайдуллаева Жамал Исмаиловна

0773 066 102

0552 066 102

Колдошев Мисирали

0702 590 490

0777 898 059

14

№52 “Кыргыз-түрк достугу”

мектеп-лицейи

Анар к/р.,

Осмонов көчөсү

кыргыз

Курбанбаева Дамира Аскеровна

0558 154 010

Исаев Абдыкерим Абдыкаирович

0773 273 494

15

Баткен областынын

Лейлек районундагы

№3 эксперименталдык гимназиясы

Лейлек району

кыргыз

Мадаминов Гапыр Мадаминович

0558 958 285

Мадаминов Гапыр Маматкулович

0558 958 285


Келишимге ылайык мектеп, ата-энелер менен Энелер мектебин уюштуруууда жардам берип, биргеликте иш алып баруу жүзөгө ашырылды


2021-жылдын 13-октябрында ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү жарлыгына ылайык “ЖОЖ менен мектептин окуу-тарбия процессинин сапатын акыл-эмгек маданиятынын негизинде жакшыртуунун жолдору” аттуу илимий-методикалык семинар уюштурулду. Илимий-методикалык семинар мектеп менен кафедранын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде саат 10:00дөн 13:30га чейин №18 А.Навои атындагы мектеп-лицейинин актылык залында Ош шаарынын мектеп директорлорунун жана практикант студенттердин катышуусунда болуп өттү.
Илимий-методикалык семинарда ОшМУнун аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин ага инспектору С.Атакуловго, ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы, доцент А.Батыралиевге, педагогика кафедрасынын доценти Б.Тажиковага сөз берилди. Педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.Жутанова Ош шаарынын 14 мектеби менен педагогика кафедрасынын ортосунда келишим түзүлгөндүгүн билдирди. Келишим төмөндөгүдөй максатта түзүлгөндүгүн белгиледи:
- Мектеп окуучуларын жана жаштарды турмушка даярдоо, кесипке багыт берүү максатында окуу-методикалык, тарбиялык, изилдөөчүлүк жана квалификацияны жогорулатуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;
- Педагогика кафедрасы менен мектептин илимий-методикалык, практикалык байланыштарын чыңдоо жана күчөтүү. Мектеп менен ЖОЖдун байланышын чыңдоо;
- Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан: “КРда 2021-2030-жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында тарбиялык иштерди биргелешип жүргүзүү.
“ЖОЖ менен мектептин окуу-тарбия процессинин сапатын акыл-эмгек маданиятынын негизинде жакшыртуунун жолдору” аттуу илимий-методикалык семинарды педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Мадаминов Гапыр Маматкулович мектеп директорлоруна, болочоктогу мугалим катары практикант студенттерге иш тажрыйбасы менен бөлүштү.
альтернативный текст


Педагогика кафедрасы 2021-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы 14 мектеп жана Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия менен келишим түзгөн.

1.Келишимдин максаты:

1. Мектеп окуучуларын жана жаштарды турмушка даярдоо, кесипке багыт берүү максатында окуу-методикалык, тарбиялык, изилдөөчүлүк жана квалификацияны жогорулатуу боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;

2. Педагогика кафедрасы менен мектептин илимий-методикалык, практикалык байланыштарын чыңдоо жана күчөтүү. Мектеп менен ЖОЖдун байланышын чыңдоо;

3. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан: “КРда 2021-2030-жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында тарбиялык иштерди биргелешип жүргүзүү.

2.Тараптардын милдеттери:

1.Мектептер милдеттенет:

1.1. Педагогика кафедрасы менен биргеликте окуу-тарбиялык жана илимий усулдук иштерди аткарууга, Олимпиада, ЖРТга даярдык;

1.2. Мектептерде усулдук бирикмелердин жетекчилери аркылуу алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдерди практиканттарга насаатчы кылып берүүгө;

1.3. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан: “КРда 2021-2030-жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” жүзөгө ашырууда кафедра менен биргеликте иш алып барууга;

1.4. Практиканттар менен биргеликте өтүлүүчү иш-чараларды уюштуруу планын кафедра менен макулдашууга;

1.5. Педагогика кафедрасы менен биргеликте окуучулар арасында Акыл эмгегинин маданиятына (АЭМ), кесипке багыт берүү иштерин өткөрүүгө.

2. Педагогика кафедрасы милдеттенет:

2.1. Мектеп менен биргеликте окуу-тарбиялык жана илимий усулдук иштерди аткарууга (конференция, симпозиум, семинар, тренинг, тегерек стол, декада, жолугушуу);

2.2. Мектептин мугалимдерине усулдук жардам берүүгө (мамлекеттик окутуунун стандарты боюнча Устаттык өнөрү, педагогикалык чеберчилик, АЭМ жөнүндө мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, семинар, тренингдерди уюштуруу);

2.3. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан: “КРда 2021-2030-жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” жүзөгө ашырууда мектеп, ата-энелер менен Энелер мектебин уюштуруууда жардам берип, биргеликте иш алып баруу;

2.4. Практиканттар менен биргеликте өтүлүүчү иш-чараларды уюштуруу планын мектеп менен макулдашууга;

2.5. Мектеп менен биргеликте окуучулар арасында кесипке багыт берүү иштерин өткөрүүгө.

3.Өзгөчө шарттар:

3.1. Тараптар КРнын эмгек жана билим берүү мыйзамдарынын негизинде коюлган милдеттерди аткарууга жооптуу;

3.2. Келишим мөөнөтү 2021-2023-жылдарга чейин түзүлдү жана анын мөөнөтү “Тараптардын” өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн.

3.3. Келишим 2 нускадан түзүлүп, бири педагогика кафедрасында, экинчиси “Мектеп” администрациясында сакталат;

3.4. Эгерде тараптар келишимдин кайсы бир талаптарын биргелешип аткаруудан баш тартса, келишимди бир жактуу бузууга болот