ПЦКнын тарбиялык, маданий жана кесипке багыт берүү иштери
                  

2021-2022-окуу жылы

Студенттердин эл-жерди сүйүү, патриоттуулук сезимин ойготуу максатында сентябрь айында патриоттук темада эссе сынагы жана КРдин мамлекеттик тилинин Гимнин ырдоо, көркөм окуу сынактары өткөрүлдү. О.э. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил майрамына карата предметтик циклдын окутуучулары сабак берген колледждерде иш-чаралар өттү.
Жазуучу Зинакан Пасанова, Жыргал Сулайманов, окумуштуу Сатканбай Момуналиев менен жолугушуу кечеси орун алды. >ОшМУнун башкы корпусунда адабият күнүнө арналган факультеттер аралык сынакка катыштык.
Окутуучулар Г.Төлөнова жана Г.Мадалиева тарабынан 4-Декабрь – Манас күнүнө карата финансы-юридикалык колледжинде адабий-музыкалуу кече, ал эми ЭАББП колледжинде К.Коңурбай кызы тарабынан «Манас таануу» предметинин негизинде викторина болуп өттү.

ММКда (радио-теледе) мамлекеттик тилдин аброю, кадыр-баркы, өнүгүшү, көйгөйлөр тууралуу предметтик циклдын төрайымы, доцент Б.Байтикова, окутуучу А.Кулушева сүйлөдү (ЭлТР, ОшТВ, радио “Ынтымак”) (23-26-сентябрь). Б.Байтикованын чыгармачылык ишмердүүлүгү тууралуу ЭлТР телерадиокомпаниясы тарабынан “Жан дүйнө” берүүсү көрсөтүлдү.

Нооруз майрамына карата «Салтыңдан кагылайын, кыргыз калкым» концерттик программа, сүмөлөк КТАМТ циклы тарабынан уюштурулду. STEM ИКнын кыргыз тили мугалимдери Нооруз майрамына карата студенттер арасында каада-салттар, улуттук тамак-аштар, оюндар боюнча сынак өткөрүштү

22-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата цикл тарабынан иш-чаралар топтому өткөрүлдү: “Бир адамдан бир китеп”, студенттер арасында көркөм окуу, тез окуу сынактары, акын Н.Калмаматова менен жолугушуу ж.б.

Цикл башчысы, жазуучу Б. Байтикованын STEM ИКнын студенттери менен жолушуусу болуп, “Менин сүйүүм” чыгармасын талкуусу өткөрүлдү