文化-教育、职业指导和社会活动主题周期委员会


2021-2022-окуу жылы

Студенттердин эл-жерди сүйүү, патриоттуулук сезимин ойготуу максатында сентябрь айында патриоттук темада эссе сынагы жана КРдин мамлекеттик тилинин Гимнин ырдоо, көркөм окуу сынактары өткөрүлдү. О.э. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил майрамына карата предметтик циклдын окутуучулары сабак берген колледждерде иш-чаралар өттү. 1,2,3  Жазуучу Зинакан Пасанова, Жыргал Сулайманов, окумуштуу Сатканбай Момуналиев менен жолугушуу кечеси орун алды. 4  ОшМУнун башкы корпусунда адабият күнүнө арналган факультеттер аралык сынакка катыштык.  Окутуучулар Г.Төлөнова жана Г.Мадалиева тарабынан 4-Декабрь – Манас күнүнө карата финансы-юридикалык колледжинде адабий-музыкалуу кече, ал эми ЭАББП колледжинде К.Коңурбай кызы тарабынан «Манас таануу» предметинин негизинде викторина болуп өттү. 5,6,7  ММКда (радио-теледе) мамлекеттик тилдин аброю, кадыр-баркы, өнүгүшү, көйгөйлөр тууралуу предметтик циклдын төрайымы, доцент Б.Байтикова, окутуучу А.Кулушева сүйлөдү (ЭлТР, ОшТВ, радио “Ынтымак”) (23-26-сентябрь). Б.Байтикованын чыгармачылык ишмердүүлүгү тууралуу ЭлТР телерадиокомпаниясы тарабынан “Жан дүйнө” берүүсү көрсөтүлдү. 8  Нооруз майрамына карата «Салтыңдан кагылайын, кыргыз калкым» концерттик программа, сүмөлөк КТАМТ циклы тарабынан уюштурулду. STEM ИКнын кыргыз тили мугалимдери Нооруз майрамына карата студенттер арасында каада-салттар, улуттук тамак-аштар, оюндар боюнча сынак өткөрүштү 9,10,11  22-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата цикл тарабынан иш-чаралар топтому өткөрүлдү: “Бир адамдан бир китеп”, студенттер арасында көркөм окуу, тез окуу сынактары, акын Н.Калмаматова менен жолугушуу ж.б. 12,13,13.1  Цикл башчысы, жазуучу Б. Байтикованын STEM ИКнын студенттери менен жолушуусу болуп, “Менин сүйүүм” чыгармасын талкуусу өткөрүлдү 14,15