Факультеттин паспорту

Бизнес жана менеджмент факультетинин паспорту

Аталышы

Бизнес жана менеджмент факультети

Кыскача аталышы

БжМ

Түзүлгөн жылы

1996-жыл

Жетекчилик

Декан – экономика илимдеринин кандидаты, доцент Исраилов Тимур Мурзабекович

Декандын окуу иштери боюнча орун басары -Ташмурзаева Гулзат Турдуахуновна, э.и.к., доц.

Декандын сырттан окуу иштери боюнча орун басары - Исмаилова Калмира Джанчаровна, э.и.к., доц.

Декандын илимий иштери жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары -Садыкова Разиякан Садирбековна, п.и.к., доцент

Декандын тарбия иштери жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары -Мадмаров Мидин Маматович, окутуучу

Каттоо күбөлүгү, лицензиясы

Лицензия №LD170000279, каттоо №17/0130, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялык кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы чечими менен берилген. Лицензиянын мөөнөтү чексиз.

Бөлүмдөр

Кафедралар:

1. “Бизнес информатика жана экономикадагы математика”;

2. “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ”;

3. “Ишканалар экономикасын башкаруу”

4. “Мененджмент жана маркетинг”

5. “Мамлекеттик муниципалдык башкаруу”

6. “Финансы жана банк иши”;

7. “Экономика жана салыктар”

Адистиктер жана багыттар

Бакалавр:

1. «Экономика» (шифр 580100)

Профильдер

- Финансы жана кредит;

- Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит;

- Салык жана салыксалуу;

- Ишканалар экономикасын башкаруу;

-Экономикадагы математикалык методдор

2. “Мамлекеттик муниципалдык башкару” (шифр 580900)

3. Бизнес информатика (шифр 580500)

4. Менеджмент (шифр - 580200)

Магистратура:

1. «Экономика» (шифр 580100)

2. “Менеджмент” (шифр - 580200)

Инфраструктура

Бизнес жана менеджмент имараты 2009-жылы пайдаланууга берилген.

Факультеттин окутуу аянты 6075 чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары, спорт аянтчасы жана 150 орундуу ашканасы бар.

Сабактар 2 корпуста өткөрүлөт, алардын ичинен - 12 башкаруу структурасынын кабинеттери, 7- кафедра, 4 конференцзал, 42 окуу аудитория, 7- компьютердик класс (125 тен ашуун компьютери менен), чоң актовый зал.

Аудиториялар керектүү окуу эмеректери жана окуу жабдуулары (20дан ашуун проектторлор жана 8 интерактивный доска менен )менен жабдылган.

Жалпы студенттердин контингенти

Күндүзгү бөлүмү:

бакалавр – 802 студент

Магистратура – 137

Сырттан окуу бөлүмү – 2859 (алардын ичинен – 1107 чет элдик студенттер)

Профессордук-окутуучулук курамдын контингенти

Кафедралар:

“Бизнес информатика жана экономикадагы математика” - 19

“Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” - 21

“Ишканалар экономикасын башкаруу” - 8

“Мененджмент жана маркетинг” - 9

“Мамлекеттик муниципалдык башкаруу” - 9

“Финансы жана банк иши” - 14

“Экономика жана салыктар” – 15

Деканат -15 (методисттер, операторлор жана диспетчер)

Жалпы – 110 окутуучу иштейт

Эл-аралык байланыштары

Факультет төмөнкү окуу жайлары менен эл аралык байланыштар түзгөн:

Академия Управления при Президенте КР, Институт Экономического Развития Всемирного Банка, Институт Кеннона (США), Кыргызско-Американский Университет, Кыргызско-Российский Славянский университет им. Б. Ельцина, Кыргызский экономический университет им. М. Рыскулбекова, Международный Университет Кыргызстана, Ошский Технологический Университет, Кыргызский Национальный Университет, Международный университет им. К.Токтомаматова, Бишкекский Гуманитарный Университет, Жалал-Абадский государственный университет, Баткенский государственный университет и др.

Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Факультеттин илимий темасы “Санариптештируу шартында региондун бизнес чөйрөсүндөгү экономика-математикалык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору”

Дареги

А. Масалиев проспектиси 80

Сайты

http://bim.oshsu.kg/

Электрондук дареги

israilov@oshsu.kg