Факультеттин деканы

Урматтуу замандаш-достор!

Адамзаттын жашоосундагы туруктуу өнүгүүсү үчүн потенциалдуу өз ишин мыкты билген, жашоого реалдуу баа берип, келечекти көрө билген адистерди даярдоо – биздин милдет, бүгүнкү экономикабыз алсырап тургандагы муктаждык.

Дүйнөдөгү экономикалык абалдын тездик менен өзгөрүп өнүгүүсү, Кыргызстандын алардын арасында татыктуу жашап кетүүсү үчүн экономикалык жана башкаруучулук билим-жөндөмдөрүнө ээ адистерди даярдоо муктаждыгы артып бара жаткандыгы шексиз. Заманбап экономикалык билим берүүнүн милдети - жаш акыл-эстүү экономикалык жана башкаруучулук билими жана жөндөмү бар адистерди тарбиялоо жана аларды ыймандуу, тартиптүү, командада иштей алган жөндөмүн да калыптандыруу. Ошол себептен, ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультети дүйнөлүк стандарттарга жооп берген экономика жана менеджмент багытында өз ишин эң мыкты билген адистерди даярдоону максат кылган жана ишке ашырып келет.

Бизнес жана менеджмент факультети 5 негизги багыттагы коомго зарыл болгон адистерди даярдап, Ош мамлекеттик университетинин, жалпы эле Кыргызстандын эң алдыңкыларынан болуп, инновациялык жана интеграциялык процесстердин таралуусуна чоң салымын кошуп келет. Факультетибиздин 2012-жылы жана 2018-жылы эл аралык аккредитациядан өтүүсү дагы буга далил боло алат жана биз берген билим эл аралык стандарттарга толук жооп берээрин тастыктайт.

Факультетибиз өзүнүн профессионал окутуучулук курамына таянып, эл аралык байланыштарынын бекемдигин жана ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мекенибиз Кыргызстанды өнүгүүсүнө зор салым кошооруна ишенебиз.

 

Сиздерди терең урматтоо менен, "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Исраилов Тимур Мурзабекович