КАФЕДРАНЫН СТРУКТУРАСЫ
ЖАЛПЫ, КЛИНИКАЛЫК БИОХИМИЯ ЖАНА ПАТОФИЗИОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫНЫН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын негизги милдети ОшМУнун медицина факультетинин студенттерин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология дисциплиналарынан жеткиликтүү окутуу, окуу процессин уюштуруу жана жетектөө болуп саналат

Кафедраны өнүктүрүү боюнча төмөнкү милдеттер коюлду :

-студенттерге жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология боюнча лекцияларды окуу жана лабораториялык практикалык сабактарды мыкты окутуу;

-жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология сабактары боюнча студенттердин билимин баалоо;

-студенттер менен уюштуруучулук тарбия иштерин жүргүзүү;

-студенттерди кафедранын кызматкерлери жүргүзгөн илимий изилдөөлөргө тартуу;

-окутуу методдорун өркүндөтүүгө багытталган методикалык иштерди күчөтүү;

-окуу адабияттарын даярдоо жана басып чыгаруу;

-илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө кафедранын мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү;