КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

Кафедранын тарыхы

«Биохимия, патофизиология жана фармакология» кафедрасы 2000-жылы медицина илимдеринин доктору, профессор Ж.А.Чотоевдин жетекчилиги менен негизделген. Профессор Ж.А.Чотоев кафедраны түзүүдө материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана жаш кадрларды даярдоого чоң көңүл бурган. Кафедра биохимия, нормалдуу физиология, патологиялык физиология жана фармакология сыяктуу дисциплиналарды камтыган. 2001-жылы кафедралардын кайра уюштурулушуна байланыштуу нормалдуу физиология предмети биомедициналык дисциплиналар кафедрасына өткөрүлүп берилген.

2002-2014-жылдар аралыгында кафедраны доцент А.Н. Нурадиева жетектеген.

Ал эми 2015-жылдан 2016-жылдын 6-сентябрына чейин фармакология илимдеринин кандидаты, доцент А.К. Раззаков жетектеп, ошол эле 2016-2017-окуу жылында биохимия, патофизиология жана фармакология кафедрасы №691 буйругунун негизинде (09.09.2016) 2 кафедрага бөлүнгөн. Биринчи "Фармацевтикалык дисциплиналар" кафедрасын доцент А.К. Разаков жетектеп иштеп кеткен.

Экинчи кафедраны «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» деп атап, кафедра башчысы болуп химия илимдеринин доктору, профессор А.С. Маметова дайындалган, ал 2016-жылдан 2022-жылга чейин ийгиликтүү иштеген.

Описание: C:UsersacerDesktopНовая папка (2)ЖООМАРТ АГАЙ.jpg «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасына 2021-2022-окуу жылында ваканттык орунга шайлоо жарыяланган, 2-жарым жылында кафедрада шайлоо болуп, шайлоонун жыйынтыгында №1229-ФХД/22 04.06.2022 буйругунун негизинде, 2022-жылдын 26-мартынан баштап б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев шайланып ийгиликтүү иштеп келүүдө.

Бул кафедрада жалпы жана клиникалык биохимия жана патофизиология дисциплиналары «Медицина», «Педиатрия», «Стоматология» жана «Фармакология» адистиктерине окулуп тейлеп келет.

Учурда кафедрада 1 мүчө-корреспондент, 3 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты, 3 улук окутуучу, 13 окутуучу жана 1 лаборант бар. Кафедранын окутуучулары тарабынан 16 окуу куралы жана окуу-методикалык эмгектер, 300дөн ашык илимий макалалар жарык көргөн. Кафедранын докторлору: биология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Жумабаева Т.Т., химия илимдеринин доктору, профессор Маметова А.С., медицина илимдеринин доктору, профессор Калматов Р.К., биология илимдеринин кандидаты, доцент Молдалиев Ж.Т., биология илимдеринин кандидаты, доцент Абылаева Б.А., медицина илимдеринин кандидаты, доцент Атабаев И.Н., х.и.к., доцент Гаффорова Х.И., медицина илимдеринин кандидаты, улук окутуучу Алишерова А.Ш., биология илимдеринин кандидаты Ташматова Н.К., улук окутуучу Матаипова А.К., Улук окутуучу С.А. Исраилова жана башкалар. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниктери, мыкты кызматкерлер бар.