Кафедра тарыхы

Кафедра 1999 жылы 27 августа ОшМУнун ректорунун буйругу менен медицина факультетиндеги детские болезни кафедрасынын базасында түзүлүп «Педиатрия №2» деп аталган. 1.09.1999 жылдан 1.09.2000 жылга чейин кафедраны түптөө менен бирге аны медицина илимдеринин доктору, профессор Кенжебек Кожоназарович Кожоназаров башкарып турган. 2000-жылдын 1-сентябрынан азыркы кунго чейин кафедраны медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нуруева Замира Аттокуровна жетектеп келүүдө. Ош Мамлекеттик Университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 6.10.2006 жылы №1 буйруктун негизинде кафедранын аты «Детские болезни» деп өзгөртүлдү. 2014-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен № 513 буйруктун негизинде кафедранын аты Педиатрия 1 деп өзгөртүлдү. Кафедранын илимий багыты: «Новые аспекты диагностики и лечения соматической патологии детской возраста». Каттоо карточкасы: № 0007515, аткарылуусу 10.01. 2018-жылдан 31.12.2028-жылга чейин катталган. Кафедранын максаты жана функциясы: Кафедра Ош Мамлекеттик Университетинин Медицина факультетинин студенттерине «Дарылоо иши» адистиги боюнча «Пропедевтика детских болезней» 3-курс, «Факультеттик педиатрия» 4-курс, «Госпиталдык педиатрия» 5-курс, «Балдар оорулары» 6-курс, «Педиатрия» адистиги боюнча «Пропедевтика детских болезней» 3-курс, «Балдар оорулары» 4-5-6-курс, «Неонатология» 5-курс, «Функциональная диагностика у детей» 3-4 курс, «Поликлиническая педиатрия» 6- курста сапаттуу билим берүү менен квалификациялуу кесиптин ээлерин даярдап чыгаруу. Кафедра медицина факультетинин окуу пландарында каралган лекциялык жана практикалык сабактарды уюштурат жана өткөрөт. Кафедранын дисциплиналары боюнча студенттердин индивидуалдык аудитордук жана өз алдынча иштерин, студенттердин билимин текшерүүнү (модулдук-рейтингдик жана зачет, экзамен) уюштуруу менен аларды анализдейт. Сыйлоо, конкурс, грант боюнча маалымат. Кафедра башчысы Нуруева Замира Аттокуровна Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген врачы, м.и.к., доцент. Кафедрадагы окутуучулардын 90% саламаттык сактоонун отличниги.