Ички конок лекциялар

Конок лекция – Бишкекте.

2024 –жылдын 1- март күнү. И. Арабаев атындагы КМУнун, физика- математика факультетинин студенттерине ОшМУнун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев “Физиканы окутууда виртуалдык лабораторияларды пайдалануу” деген темада конок лекция өттү. Физик жана математик адистигиндеги студенттерден сыркары, физика –математика факультетинин деканы, доцент Гүлзат Токонбекова, педагогика Илимдеринин доктору, проф. Шаршенбек Алиев жана башка окумуштуулар катышты. Кече суроо- жооп менен коштолду.


Конок лекция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев ушул жылдын 28-октябрь күнү саат 9:00-12:00 гө чейин Ош Областтык билимин өркүндөтүү институндагы 17 угуучуга конок лекция өтүп келди. Конок лекцияда мектепте физика предметинен виртуальдык лабораторияны өтүүнүн жол жоболорун, астрономия предметин окутуудагы өзгөчөлүктөр жана физика илиминин акыркы жетишкендиктери тууралуу, көргөзмөлүү жана презентациялар менен коштоп өтүп келди.


Конок лекция

14-майда ОшМУнун физика адистигинин 4-курс студенттерине К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, ф.-м.и.к., доцент Садыкова Элнура «Заттардын электрондук теориясы» деген аталыштагы конок лекция өттү.



Конок лекция

2023-жылдын 29-марттында КУИАнын физика институтунун лаборатория башчысы, ф.-м.и.д., профессор Касмамытов Нурбек Кыдырмышевич ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаевдин чакыруусу менен ФЕ(б)-1-19 группасындагы физик студенттерге конок лекция өтүп, суроолорго жооп берди.


Конок лекция

А.Н. Косыгин атындагы Россия мамлекеттик университетинин профессору, техника илимдерин доктору, профессор Елена Сергеевна Бокова менен физик адистигинде окуган студенттер жана ЭТФ кафедрасынын жамааты жолугушту. Елена Сергеевна эки окуу жайдын ортосундагы кош дипломдуулук боюнча келишим түзүлгөндүгүн жана аталган окуу жайга бьюджеттик негизде магистратурага окууга чакырып кетти.