Сырткы конок лекциялар

Б. Сыдыков атындагы КӨЭАУнун кесиптик колледжинде Айнагул Орозбаева конок лекцияда.

2024-жылдын 18-апрель күнү кафедранын улук окутуучусу Орозбаева Айнагул Асланбековна Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжине барып "Физика...Кечээ, бүгүн жана эртең" деген темада конок лекция өтүп, бүгүнкү күндөгү физиканын жашоодогу орду, өнүгүүсү жөнүндө баяндап, ошондой эле физиканы үйрөнүү үчүн мастер- класс өтүп келди. Жыйынтыгында аталган кесиптик колледжинин директору жана жамааты тарабынан ыраазычылык билдирип, дагы да семинар өтүп берилүүсү суралды.


ОшТу да конок лекцияда.

2024-жылдын 27-мартында. ОшТУнун физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын башчысы, доцент Сатыбалдиев Абдымиталиптин чакыруусу боюнча, ОшМУнун МФТИТ институтунун ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф, -м.и.к., доцент М. Ч. Осконбаев конок лекция өтүп берди. Конок лекцияга кафедранын профессордук- окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Конок лекцияда физика предметин окутууда виртуалдык лабораторияларды пайдалануу, астрономия предметин окутууда интерактивдүү усулдары пайдалануу боюнча болду. Суроолорго ынанымдуу жооптор берилди. Аягында доцент М. Ч. Осконбаев өзүнүн физика жана астрономия боюнча жазылган ырларын жана табышмактарын окуп берди


Мастер класс

ЭТФ кафедра башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев 2024-жылдын 11-январь күнү Ош шаарындагы өзбек жана орус мектептеринин физика жана астрономия мугалимдерине “Астрономияны окутуу боюнча мастер-класс” өтүп келди. 30га жакын окутуучу катышып аягында суроо- жооптор менен коштолду. Астрономиялык прибор жана куралдардын жетишсиздигин, виртуалдык астрономиялык колдонмолор менен толтуруунун жол жоболорун үйрөттү.


Конок лекция

2023-жылдын 30-ноябрында ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетиндеги кесиптик колледжинин табыгый жана гуманитардык сабактар бирикмесинин улук окутуучусу Уулча Исакованын жана директору, доцент Чолпон Абдуллаеванын чакыруусу менен барып конок лекция өттү. Конок лекциянын темасы “Астрономия бүгүн-виртуалдык лабараторияда”. Лекциянын аягыгнда студенттердин суроолоруна жооп берди.


Конок лекция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев 2023-жылдын 30-сентябрында областтык билим берүү институнда физика боюнча курска келгендерге сабак өтүп келди.


Конок лекция

17-февраль күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев КӨУнин табийгый-педагогикалык жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, доцент Ж.К Жээнтаеванын чакыруусу менен конок лекция өтүп келди. Студенттер менен катар КӨУнин проректорлору катышып, кызуу талкуу болуп, суроо-жооптор менен коштолду.


Конок лекция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев ушул жылдын 28-октябрь күнү саат 9:00-12:00 гө чейин Ош Областтык билимин өркүндөтүү институндагы 17 угуучуга конок лекция өтүп келди. Конок лекцияда мектепте физика предметинен виртуальдык лабораторияны өтүүнүн жол жоболорун, астрономия предметин окутуудагы өзгөчөлүктөр жана физика илиминин акыркы жетишкендиктери тууралуу, көргөзмөлүү жана презентациялар менен коштоп өтүп келди.


Конок лекция

ЭТФ кафедрасынын ага окутуучусу Жапаркулов Асилбек Маматович 2022- окуу жылынын 7-октябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Инженердик технологиялар факультетинде ПОВТАС адистигинин 2-курстарына “Электроникага киришүү” деген темада конок лекция өтүп келди


Конок лекция

2021-жылдын 1 июнь күнү Индустриалдык-педагогикалык колледжинин мугалимдер жана студенттер жамаатына ЭТФ кафедрасынын профессору Ы.Ташполотов “Глобалдык санариптештирүү: коомго, билим берүү системасына коюлган чакырыктар жана келечектер” деген аталышта конок лекция өтүп берди.



Конок лекция

ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч Осконбаев областтык билим берүү институнда 21-сентябрь күнү билимин өркүндөтүүгө келген угуучуларга конок лекция өтүп келди. Лекцияда мектепте физика сабагынан виртуалдык лабораторияларды кантип өтүү маселеси каралды.


Конок лекция

Ушул жылдын 31-май күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев ОшМУнун индустриалдык педагогикалык колледжине барып “Конок лекция ” өттү. Лекцияда физика боюнча виртуалдык лабораторияны өтүү, астрнономия боюнча лаборатория өтүү боюнча болду. Студенттердин суроолоруна жооп берүү менен комуз күүлөрүн чертип, өзү жазган ырлардан окуп берди .