Конок лекциялар

Конок лекциялар


ОШ МАЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ "БУЙРУК"

1. Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында Ош мамлекеттик университети менен өзбекстан Республикасынын Фергана политехникалык институнун ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча ФерПИгеконок лектор болуп жана күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган тизмедеги студенттер кыска мөөнөттө окуп келүүсүнө уруксат берилсин.

2014-жылдын 21-февралда математикалык анализ кафедрасынын башчысы, улук окутуучу Акматов Абдилазиз Алиевич, доцент Мурзабаева Айтбу Бусурманкуловна, доцент Абдилазизова Акбермет Абдижалиловна Фергана политехникалык институтуна конок лектор болуп, студенттерге сабак өтүп келишти. Агай эжекелерге сертификаттар ыйгарылды.

ОшМунун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын кафедра башчысынын м.а. улук окутуучу, Акматов Абдилазиз Алиевич конок лектор катарында барып келди жана Цингулярдык козголгон маселенин чечимин изилдөө деген темада доклад окуду.

ОшМунун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын ф.м.и доценти Мурзабаева Айтбу Бусурманкуловна конок лектор катарында барып келди.

ОшМунун МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасынын Абдилазизова Акбермет Абдижалиловна конок лектор катарында барып келди.


Конок лекциялар