Илимий семинарлар

Илимий Семинар

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2-мартта профессор, окумуштуу, ардактуу академик Келдибай Алымкулов атындагы "Математиканын актуалдуу маселелери жана анын колдонулуштары" аттуу математиктердин түштүк регионалдык семинары болуп өттү. Семинарга ОшМУнун профессорлору Г. Матиева, А. Сопуев, Д. Турсунов, доценттер А. Абдувалиев, Т. Бекешовдор, ЖАМУнун профессорлору К. Алыбаев, А. Джураевдер баштаган математиктер жана БатМУнун жаш математик окутуучулары К. Алымкулов атындагы регионалдык семинар 2008-жылы түзүлгөн. Бир айда бир жолу уюштурулуп келет. Семинар аспиранттардын, жаш окумуштуулардын жана докторанттардын алган илимий натыйжаларын талкуулоо жана сунуштама берүү максатын көздөйт.