Физика, математика жана информациялык технoлогиялар кафедрасы- Финансы-юридикалык колледжинин эң алгачкы кафедраларынын бири болуп эсептелинет.
      2007-2008- окуу жылында Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2007-жылдын 2-февралындагы №6 протоколунун чечими жана ректордун 2007-жылдын 13-февралындагы №40- буйругунун негизинде Финансы-юридикалык колледжинде алгач Жалпы билим берүү дисциплиналар циклы түзүлгөн. Циклдын курамына 17 окутуучу кабыл алынып, толук иштей баштаган. Цикл башчысы болуп улук окутуучу Калдыбаева Гүлжамал Абдазовна дайындалган.
Аталган цикл экономика жана укук таануу багытындагы адистерге жалпы билим берүүчү табигый жана гуманитардык дисциплиналарды окутууга сунушталган.
      2008-2009- окуу жылында кафедрада 29 адам эмгектенген. Кафедранын окуу- усулдук иштери эки багытта жүргүзүлгөн: табигый илимдер секциясы жана гуманитардык илимдер секциясы.Кафедрада 29 окутуучулук курамында тажрыйбалуу окутуучулар: Кадырова А., Турганбаева Р., Абдураимов А., Умарова Ж., Каримова С. ж.б. эмгектенишкен.
      2009-жылдын 12 сентябрында ОшМУнун ректорунун №472 буйругу менен Жалпы билим берүү дисциплиналар табигый илимдер цикли жана Жалпы билим берүү дисциплиналарынын гуманитардык илимдер цикли деп экиге бөлүнүп жана ЖББДТИ цикл башчысы катары улук окутуучу Калдыбаева Гүлжамал дайындалган.
      2009-жылы ЖББДТИ циклы ЖББДТИ кафедрасы деп аталып, кафедранын профессор-окутуучулук курамында 12 окутуучу жана 1 көмөкчү персоналдан туруп, кафедраны улук окутуучу Г.Калдыбаева жетектеген.       2011-2012- окуу жылында «Жалпы билим берүү дициплиналарынын табигый илимдер » кафедрасы окутуучулар кабыл алып, өнүгүү менен өз ишин улантууда.

      Жалпы билим берүү дисциплиналарынын табигый илимдер кафедрасында Г. Калдыбаеванын жетекчилигинде 2011-2012-окуу жылында «ЭТАСПК» адистиги (шифри 2203) ачылган. 2011-жылы 25-февралда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы лицензиялоо жана аккредитация (аттестациялоо) боюнча Мамлекеттик инспекциясынын чечими, №03/10, 25.02.2011-ж., №585- лицензиясы менен окуу ишмердигин жүргүзүүгө укук берилген (№26 кошумча, каттоо номери I-758).
      2012-2013-окуу жылында кафедрада 19 окутуучу, 1-жардамчы персонал эмгектенген. Учурда бүтүрүүчү кафедранын ф.м.и.к. доцент Г.Калдыбаеванын жетекчилигинде профессордук- окутуучулук курамы 21 адамга өсүп жетти. Бул көрсөткүч кафедранын өсүп- өнүгүүсүнүн белгиси катары саналат.