Кафедранын илимий изилдөө багыттары:

1. Электрондук гипертексттик окуу-методикалык колдонмолорду түзүү;

2. Соңку телекоммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу жана кийирүү.

Кафедрада илимий-методикалык семинар системалуу өтүп, анда окутуучулар илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча баяндамалар жасашат. Кафедранын кызматкерлери жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө илимий-техникалык конференцияларга катышышат, эл аралык, республикалык жана регионалдык журнал-жыйнактарда илимий эмгектерин жарыялашат. Кандидаттык жана доктордук диссертацияларынын үстүндө иштеп жатышат.