Жаңылыктар Архив

Окуу процесси
ОшМУнун медициналык колледжинин « Терапиялык дисциплиналар» ПЦКасынын окутуучусу Амирова Ч.С. 2023- жылдын 03-октябрь айында СД адистиктеринин студенттери үчүн «Ботулизм» аттуу темада теориялык ачык сабак өттү. Сабактын темасы жумушчу программага дал келет жана ачык сабактын иштелмеси даярдалган. Сабак өз убагында башталып, студенттер толук катышышты. Окутуучу ачык сабакка керектүү болгон көргөзмө материалдарын даярдаган( плакаттар, карточкалар, тесттер ж.б).Ага «Терапиялык дисциплиналар» ПЦКасынын башчысы Мамытова Г.А., окуу –методикалык усулдук кенештин мүчөсү Арзиева А.И жана окутуучу Тажибаева А.Х катышты. Кызыктуу форматта, мини-лекция түрүндө, клиникалык абалдарды демонстрациялоо менен өткөн лектор студенттерге берилуучу маалыматтарды толугу менен жеткире алды.


2023 жылдын 26-сентябрында терапиялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Дооранбек кызы Элмира жугуштуу оорулар предметинен 2СД 5-22 тайпасына «Сальмонеллез» деген темада ачык теориялык сабак өттү. Сабактын темасы, түрү жумушчу программага дал келет жана ачык сабактын иштелмеси даярдалган. Сабак өз убагында башталып, студенттер толук катышышты. Лектор ачык сабакка керектүү болгон көргөзмө материалдарын даярдаган( плакаттар, карточкалар, тесттер ж.б).Сабакта интерактивдүү ыкмаларды колдонулуп, студенттерди кызыктыра алды. Сабака терапиялык дисциплиналар циклынын төрайымы: Мамытова Г. А, ПЦК нын усулдук иштери боюнча жооптуу Арзиева А.И жана ПЦК нын окутуучусу, «ЛД” адистигинин НКББП сынын төрайымы Амирова Ч.С катышышты. Сабактын акырында тесттер жана карточкалардын жардамында студенттердин алган билимдери текшерилди. Сабак кызыктуу өтүлдү жана максатына жетти.


Ош МУнун медициналык колледжинин терапиялык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Кенешова Г.Б. 2023-жылынын 19-сентябрь айында «Акушердик иши» адистиктеринин студенттери үчүн «Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды кароодо үй-бүлөлүк медайымдын ролу» аттуу темада теориялык ачык сабак өттү. Сабактын түрү лекция, жумушчу программага дал келет жана ачык сабактын иштелмеси даярдалган. Сабак өз убагында башталып, студенттер толук катышышты. Лектор ачык сабакка керектүү болгон көргөзмө материалдарын даярдаган( плакаттар, карточкалар, тесттер ж.б). Ага терапиялык дисциплиналар ПЦКсынын башчысы Мамытова Г.А, окуу-методикалык усулдук кенештин мүчөсү Арзиева А.И катышышты. Студенттер кызыгуу менен сабакка катышышып, түшүнбөгөн суроолорун берип жатышты. Кызыктуу форматта, мини-лекция түрүндө, клиникалык көйгөйлүү ситуацияларды демонстрациялоо менен өткөн лектор студенттерге берилүүчү маалыматтарды толугу менен жеткире алды. Сабактын акырында тесттер жана карточкалардын жардамында студенттердин алган билимдери текшерилди. Сабак кызыктуу өтүлдү жана максатына жетти.


2023-жылдын 9-ноябрында терапиялык циклдын дерматовенерология предмети боюнча окутуучусу Т.Т.Тойчиев 2СД-22 тайпасына вирустуу дерматоздор темасы боюнча ачык сабак өттү. Ачык сабакка цикл башчы Г.А.Мамытова, окутуучулар С. Арзиева, Н. Ажимаматова, Э.Дооранбек кызы катышты. Сабактын түрү лекция, жумушчу программага дал келет жана ачык сабактын иштелмеси даярдалган. Сабак өз убагында башталып, студенттер толук катышты. Лектор ачык сабакка керектүү болгон көргөзмө материалдарын даярдаган( плакаттар, дары каражаттары ж.б). Окутуучу вирустуу дерматоздор, учук оорусу, опоясываюший лишай, сөөлдөр жана контагиозный моллюск оорулары боюнча жогорку профессионалдык деңгээлде чыгармачылык менен түшүндүрүп берди. Студенттер кызыгуу менен сабакка катышышып, түшүнбөгөн суроолорун берип жатышты. Окутуучу оорулардын жугуу жолдорун, клиникалык көрүнуштөрүн, кабылдоолорун, диагноз коюу жолдорун, дарылоо ыкмаларын жана мед айымдык кароо ыкмаларды айтып берди.Сабактын акырында тесттер жана карточканын жардамында студенттердин алган билимдери текшерилди.


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫНЫН 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ШТАТТЫК ЖАДЫБАЛЫН ЖАНА ОКУУ ЖҮКТӨМДӨРҮН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУГУ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПЛАНДУУ СААТ ЖҮКТӨМДӨРҮ ЖӨНҮНДӨГҮ БИЛДИРҮҮСҮ


УСУЛДУК КЕҢЕШИНИН 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИШ ПЛАНЫ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИШ ПЛАНЫ


УСУЛДУК КЕҢЕШИНИН 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИШ ПЛАНЫ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ИШ ПЛАНЫ


Терапиялык дисциплиналар циклынын өз ара сабакка катышуу графиги (II жарым жылдык)


Терапиялык дисциплиналар циклынын өз ара сабакка катышуу графиги (I жарым жылдык)


Терапиялык дисциплиналар циклынын 2023-2024-окуу жылы үчүн ачык сабактардын графиги