1-ДЕКАБРЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДге КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ. Бул күнгө карата “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын окутуучулары Э.Ураимова, Ч.Амирова, Н.Ажимаматова А.Машрабовалар мыкты деңгээлде иш-чара уюштурушту. Иш-чарага Ош областтык СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Моторов Улукбек Төлөмүшевич жана Ош МУнун аялдар кеңешинин төрайымы Сейитказыева Гулнара Имамалиевналар конокко келишти. Иш-чараны медициналык колледжинин директору м.и.к., доцент З.С.Арынов ачып берди. Андан кийин 1-курстар арасында 4 команда КВНге катышты. Аягында сыйлоо баракчалары берилди. Иш-чара учурунда вирусту аныктоо максатында экспресс тест жүргүзүлүп, жыйынтыгы 20 минутада билинди. Директор, окутуучулар, студенттер тесттен өтүштү.
НООРУЗ – ЖАЗ АЛЫП КЕЛГЕН “ЖАҢЫ КҮН” МАЙРАМЫ. “Терапиялык дисциплиналар” ПЦК сы «Мээрим» ресторанында кесиптештерге майрамдык маанай тартуулашты. Дасторкон улуттук тамактар менен толтурулуп, оюн-зооктор уюштурулуп, жогорку денгээлде өттү.
КУРАТОРДУК ГРУППАДАГЫ СТУДЕНТТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН №6 ЖАТАКАНАДАГЫ КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ГРАФИГИ
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН КУРАТОРЛОРУ
ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ