Илимий конференциялар

ОшМУда окумуштуу Зияш Бектеновдун 110 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

ОшМУда 28-декабрда кыргыз элинин көрүнүктүү тилчи-илимпоз, манас таануучу, педагог, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Зияш Бектеновдун 110 жылдык мааракесине арналган “Көп кырдуу кыргыз аалымы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Конференцияда Гулина Жамгырчиева “Зияш Бектеновдун агартуучулук жана адабияттык ишмердүүлүгү”, Абдумиталип Мурзакметов “Зияш Бектенов- фольклор таануучу жана этнограф”, Фарида Алиева “Зияш Бектеновдун педагогикалык ишмердүүлүгү” деген темаларда баяндама жасашты.

Көрүнүктүү илимпоз Зияш Бектенов Т. Байжиев менен авторлошуп 3–4-класстын «Эне тилин», У. Абдукаимов, К. Карасаев менен 4-класстын «Биздин адабият», 1948-49-жылдары Ташым Байжиев менен биргелешип орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), Орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыргыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабияты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазышып жана окуу программаларын түзүшкөн.

«Манас» эпосуна байланыштуу иштерге жигердүү катышып, аны кара сөзгө айланткан. Орус тилинен Д.Фонвизиндин «Кемпай», Н.Островскийдин «Добул», К.Гольдонинин «Эки мырзанын малайы», Назым Хикметтин «Унутулган адам», Бернард Шоунун «Пигмалион» аттуу спектаклдерин которгон.

Конференция Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети тарабынан өткөрүлдү.


Илимге салым кошкондор сыйланды

ОшМУнун илим-изилдөө бөлүмү Илим күнүнө карата сыйлоо иш-чарасын өткөрдү. Мында докторлук жана кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, илим-изилдөө иштеринде ийгиликке жетишкен окутуучуларга дипломдор берилди.

Ал эми 2020-2021-жылдарда жарык көргөн эмгектер үчүн өткөрүлгөн “Мыкты монография -2021”, ”Мыкты окуу куралы-2021”, “Мыкты окуу усулдук колдонмо-2021” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө жана министрликтин грифи менен чыккан китептердин авторлоруна сертификат, акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды.

Эл аралык деңгээлде университеттин рейтингин көтөрүүгө кошкон салымы үчүн 2020-2021-жылдарда SCOPUS жана Web of Science базасындагы илимий басылмалардан жарык көргөн эмгектери үчүн илимий макалалардын авторлоруна сертификат жана акчалай сыйлык ыйгарылып, концерттик программа менен коштолду.


Жусуп Абдрахманов – кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик ишмери

Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмери, Кыргыз АССР Эл комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине арналган “Жусуп Абдрахманов – кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик ишмери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция университетте өткөрүлдү.

Илимий-практикалык конференция кадимки жана онлайн режиминде уюштурурлуп, ага ректор Кудайберди Кожоебеков, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинен, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен, Кантөрө Токтомаматов атындагы эл аралык универсиетинен атайын өкүлдөр, окутуучулар, студенттер катышты.

Конференцияда Жусуп Абдырахмановдун улут үчүн жасаган ишмердүүлүгү, басып өткөн жолу жөнүндө баяндамалар окулуп, азыркы өсүп келе жаткан жаштар үлгү алыш керектиги баса белгиленди.

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. Ал 1927-жылдын 12-мартында 26 жашында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Советинин председатели болуп дайындалган. Республиканын өкмөтүнүн башында турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзгөн.

Кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу, өлкөнү индустриализациялоодо Жусуп Абдрахмановдун салымы чоң болгон. Мамлекеттик жана саясий ишмер катары ал элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон жана бул максатка жетиш үчүн бардык энергиясын, акылын, күчүн, уюштуруучулук талантын, ал эмес өз өмүрүн дагы аяган эмес.


ОшМУда “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы: тарыхый традициялар, руханий баалуулуктар, жетишкендиктер” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө расмий коноктор, окумуштуулар жана коомдук ишмерлердин куттуктоолору жаңырды.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы, Легендарлуу парламенттин депутаты, профессор Балтагул Нурунбетов эгемендүүлүккө жетүүдөгү кыйынчылыктар, республиканын символикаларын кабыл алуудагы тарыхый учурлар боюнча айтып, көз карандысыздыктын баасы, баркы тууралуу маалыматтарды кийинки муундарга дайыма жеткире айтуу керектигин белгиледи.

Конференциянын пленардык отурумунда академик, профессор А. Асанканов “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл”, Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин кафедра башчысы, профессор Калыш Аманжол “Чыгыш таануучу Ш.-Э. Ужфальвинин Кожа Ахмед Яссауи күмбөзү тууралуу изилдөөлөрү”, ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы, доцент С. Арстанов “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхый-укуктук негиздери” деген темаларда баяндама жасашты.

Кадимки жана онлайн форматтарда уюштурулган конференцияга Орусия, Казакстан, Өзбекстандан окумуштуулар, окутуучулар, студенттер катышты. Кийинки бөлүгү секциялык иштерде уланды.