Долбоор 2021-2022

Фракталдык геометриянын учурдагы маселелери жана евклиддик мейкиндиктеги бөлүктөп чагылтуулардын геометриясы

Актуалдуулугу: Фракталдык геометрия - жаш жана тез темп менен өнүгүп жаткан математикалык багыт, ал жаңы идеяларды алдыга жылдыруу менен катар башка илимдер менен тыгыз интеграцияланууда. Фракталдык геометриянын идеялары бүгүнкү күндө физикада, медицинада, техникилык илимдерде, психологияда жана лингвистикада кеңири колдонулуп жатат.

Фракталдык геометриянын өнүгүшү жаңы компьютердик технологиялардын иштелип чыгышы менен да тыгыз байланыштуу, себеби фракталдардын 3D моделдерин түзүү компьютердик каражаттарсыз мүмкүн эмес.

Изилдөө объектиси : Геометриялык фракталдар, евклиддик мейкиндикти бөлүктөп чагылтуу.

Долбоордун максаттары жана маселелери :

- Тегиздиктеги жана мейкиндиктеги геометриялык фракталдардын жаңы классын түзүү жана алардын колдонулуштарын изилдөө;

- Жаңы түзүлгөн мейкиндиктеги фракталдардын компьютердик сүрөттөлүштөрүн алуу үчүн программаларды иштеп чыгуу жана ал фракталдардын 3D модельдерин тургузуу;

- мейкиндигинде берилген -ченемдүү бөлүштүрүү тарабынан жаратылган бөлүктөп чагылтуусунун касиеттерин изилдөө (бөлүштүрүү минималдык болгон учурда);

- бөлүктөп чагылтуусунун кошмок жана квази кошмок сызыктарынын жашашынын зарыл жана жетиштүү шарттарын табуу;

- бөлүктөп чагылтуусунда кыймылсыз түз сызыктардын жашашынын зарыл жана жетиштүү шарттарын табуу;

Изилдөөнүн методдору жана методологиясы:

Изилдөө учурунда JavaScript жана L-система программалоо тилдери, Картандын сытркы формалары жана кыймылсыз репер методдору пайдаланылды.

Изилдөөнүн жыйынтыктары: