КАФЕДРАНЫН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Тилдер жана адабияттан билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы Кыргызстандын түштүк регионунда жана республикалык масштабда орто мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдерин даярдоодогу эн башкы бөлүк болуп саналат. Кафедранын кыргыз тили, орус тили, англис тили секцияларынын милдети – азыркы кыргыз, орус тилдери, таза жазуу (каллиграфия), адабий окуу, балдар адабияты, кеп маданияты, көркөм окуу, адабият таанууга киришүү ж. б. дисциплиналарды окутуу аркылуу студенттерге билим берүү.

Анын максаты – азыркы заман талабына жооп берген сапаттуу башталгыч класстын мугалимдери менен орто мектептерди камсыздоо.

Кыргыз, орус, англис тилдерин жана кыргыз, орус адабиятын башталгыч класстарда окутуу, анын илимий – методикалык, практикалык иш – аракеттерин жүзөгө ашыруу кафедранын квалификациялык мүнөздөмөсүн түзөт.