Кафедранын илимий-изилдөө иштери

Кафедранын мүчөлөрү «Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин жана адабиятынын

илимий-методикалык багыттарын өркүндөтүү» деген жалпы теманын үстүндө

изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Тагыраак айтканда, кыргыз тили секциясынын

мүчөлөрү «Кыргыз тилинин, балдар адабиятынын тарыхы жана башталгыч

класстардын окуучуларын адабий окуу сабагында тарбиялоо» деген жалпы

теманын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Тема кыргыз тилинин жана балдар

адабиятынын тырыхы, эне тилин башталгыч класстарда окутуунун методикасы

маселелерин камтыйт.

Орус тили, адабияты жана аларды башталгыч класстарда окутуунун усулияты секциясынын мүчөлөрү “Кыргыз аудиториясында орус тилин өздөштүрүүнүн маселелери”, чет тили жана аны башталгыч класстарда окутуунун усулияты секциясынын мүчөлөрү “Студенттерди англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүүнүн проблемалары” деген темаларда изилдөөлөрдү алып барышат. Изилдөөнүн натыйжалары макала, монография, методикалык колдонмо ж.б. мүнөздө басылмалардан жарык көрүп келе жатат.

Студенттерди илимий–изилдөө жана адабий–көркөм чыгармачылык иштерге тартуу максатында кафедрада “Усулчу”, “В мире слов”, “Англисче сүйлөйбүз” деген ийримдер иш алып барат.