ЖОЛДОШБАЕВ ДИЛЗАТБЕК АЛМАРСБЕКОВИЧ
1959-жылы 18-сентябрда Ош облусунун Сузак районун Калмак-Кырчын айылында туулган.
1981-жылы ОГПИнин (азыркы
ОшМУ) физика-математика факультетинин математика адистигин бүткөн.
2015-жылы (И.Арабаев
атындагы КМУ) психологиядан магистерлик наамды алган.
1981-жылдан бери кафедрада
лаборант, окутуучу, ага окутуучу, доцент болуп эмгектенүүдө.
2008-2011-ж.ж. ОшМУнун «Психология
жана педагогика» илимий борбордун кординатору.
2010-2013-ж.ж. ОшМУнун
«психология» кафедрасынын башчысы.
Алган сыйлыктары: «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн
отличниги» төш белгиси (2001); «Обл. админс. ардак грамотасы» (2016), «ОшМУнун
ардак грамотасы» (2009, 2013) менен сыйланган.
1992-жылы элге билим берүү
системасынын альтернативдик концепциянын авторлорунун бири.
Жарыкка чыккан илимий эмгектери: 50дөн ашык илимий статьялары, окуу куралдары
жана окуу-методикалык колдонмолору жарыкка чыккан. Алсак, КР. Билим берүү жана
илим министрликтин грифи менен: «Мектепте психологдун ишмердүүлүгү» (2012, 18
б.т.); «Жалпы психология» (2012, 42,5 б.т.); «Өнүгүү психологиясы» (2015, 40,5
б.т.); «Психологиядан лабораториялык-практикалык сабак» (2016, 12,4 б.т.) деген
окуу китептери, ал эми ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен: «Окуучунун
личносттун психологиялык-педагогикалык жактан үйрөнүү» (2005, 12,25 б.т.);
«Педагогикалык процесстеги конфликттер» (2006, 12 б.т.); «Окуучунун личностту
менен класс коллективин үйрөнүү жана психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөнү
түзүү» (2010, 9,5 б.т.); Жалпы, өнүгүү, педагогикалык, социалдык психология
предметтери боюнча программалар, лабораториялык-практикалык сабактан жумушчу
дептерлер ж.б. окуу методикалык колдонмолору жарыкка чыккан.
Үй-бүлөлүү: 1 кыз, 3 уул,
3 небереси бар.