КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛУК-ПРОФЕССОРДУК КУРАМЫ


ЖОЛДОШБАЕВ ДИЛЗАТБЕК АЛМАРСБЕКОВИЧ

1959-жылы 18-сентябрда Ош облусунун Сузак районун Калмак-Кырчын айылында туулган.

1981-жылы ОГПИнин (азыркы ОшМУ) физика-математика факультетинин математика адистигин бүткөн.

2015-жылы (И.Арабаев атындагы КМУ) психологиядан магистерлик наамды алган.

1981-жылдан бери кафедрада лаборант, окутуучу, ага окутуучу, доцент болуп эмгектенүүдө.

2008-2011-ж.ж. ОшМУнун «Психология жана педагогика» илимий борбордун кординатору.

2010-2013-ж.ж. ОшМУнун «психология» кафедрасынын башчысы.

Алган сыйлыктары: «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси (2001); «Обл. админс. ардак грамотасы» (2016), «ОшМУнун ардак грамотасы» (2009, 2013) менен сыйланган.

1992-жылы элге билим берүү системасынын альтернативдик концепциянын авторлорунун бири.

Жарыкка чыккан илимий эмгектери: 50дөн ашык илимий статьялары, окуу куралдары жана окуу-методикалык колдонмолору жарыкка чыккан. Алсак, КР. Билим берүү жана илим министрликтин грифи менен: «Мектепте психологдун ишмердүүлүгү» (2012, 18 б.т.); «Жалпы психология» (2012, 42,5 б.т.); «Өнүгүү психологиясы» (2015, 40,5 б.т.); «Психологиядан лабораториялык-практикалык сабак» (2016, 12,4 б.т.) деген окуу китептери, ал эми ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин чечими менен: «Окуучунун личносттун психологиялык-педагогикалык жактан үйрөнүү» (2005, 12,25 б.т.); «Педагогикалык процесстеги конфликттер» (2006, 12 б.т.); «Окуучунун личностту менен класс коллективин үйрөнүү жана психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөнү түзүү» (2010, 9,5 б.т.); Жалпы, өнүгүү, педагогикалык, социалдык психология предметтери боюнча программалар, лабораториялык-практикалык сабактан жумушчу дептерлер ж.б. окуу методикалык колдонмолору жарыкка чыккан.

Үй-бүлөлүү: 1 кыз, 3 уул, 3 небереси бар.