Ачык сабактарга катышуунун № 4 протоколу Сабак өтүлгөн күнү: 25- ноябрь 2022-ж. Педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Акматова Махабаттын “Психологиялык-педагогикалык практикум” предмети боюнча өткөн ачык сабагын талкуулоонун протоколу. Группа ДО91-20; студенттин саны - 24; сабакка келгени -23. Кабинет - 37, убактысы - 11:35. Окутуучу: Акматова Махабат Сабак: “Психологиялык-педагогикалык практикум” Тема: Балдардын когнитивдик өнүгүүсү. Когнитивдик өнүгүүнүн мониторинги. Катышкандар: Цикл башчы Дейдиева Ф.Н., доцент Абдураимова З.С., окутуучулар Ахунбекова Т.А., Талай кызы Ү., Шарабидин кызы Фарида. Катчы: Шарабидин кызы Фарида. Сабактын максаты: студенттердин мониторинг, мониторинг методологиясы, когнитивдик өнүгүү процедурасы жөнүндө билимдерин бекемдөө. Мектепке чейинки курактагы балдардын когнитивдик өнүгүүсүн окутуунун жетишилген деңгээлине талдоо жана баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү Сабакта калыптануучу компетенциялар: ПК-8 Сабактын формасы: практикалык; Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү; Предметтер аралык байланыш: мектепке чейинки психология, “Балалык”, Балдарды мектепке даярдоо. Күтүлүүчү натыйжалар: • мониторинг, мониторинг методологиясы, мониторинг жол-жобосу, когнитивдик өнүктүрүү боюнча программаны өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо; • мектепке чейинки курактагы балдарды когнитивдик өнүктүрүү боюнча программаны өздөштүрүү деңгээлин аныктоого мониторинг жүргүзүү жана "Балалык"балдарды өнүктүрүү программасынан пайдалануу • мектепке чейинки курактагы балдарды когнитивдик өнүктүрүү программасын өздөштүрүүгө мониторинг жүргүзүүнүн методологиясы жана жол-жобосу Сабакты уюштуруу: 1. Өтүлгөн тема боюнча студенттердин билимин текшерүү; 2. Жаңы тема боюнча суроолорду талкуулоо; 3. Жаңы теманы бышыктоо; 4. Студенттердин билимин баалоо; 5. Үй тапшырмасы. Сабакта талкууга коюлган суроолор: 1. Мониторинг методологиясы жөнүндө айтып бергиле. 2. Баалоо деген эмне? 3. Алгачкы диагностика кандайча жүргүзүлөрүн мүнөздөңүз Текшерүүчү суроолор:  Когнитивдик өнүгүүнү баалоо жана пландаштырууну чечмелегиле;  Курактык топтордогу балдардын когнитивдик өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү;  Курактык топтордогу балдардын когнитивдик өнүгүүсү боюнча мониторингди уюштуруу Сабакта колдонулган ыкмалар: “Муз жаргыч”, “Чынжырча” “Мозаика”, “Ротация”, “Вендин диаграммасы”, Сөз сүйлөдү: Дейдиева Ф.Н. - ППДЦКнын доценти, п.и.к., - бул практикалык сабактын жумушчу программасы (силлабус) башталгыч билим берүүнүн НББПсына ылайык иштелип чыккан, окутуунун күтүлүүчү натыйжалары, студенттердин жалпы жана кесиптик комптенциялары так көрсөтүлгөн. Окутуучу сабакты уюштуруу баскычтарынын ырааттуулугун сактап, мурдагы жана кийинки темалардын, ошондой эле предметтер аралык байланышын эске алды. Сабакта таркатма материалдар (тексттер, китептер, флиппчарт, маркерлер) кеңири берилип, билим берүүчү, өнүктүрүүчү жана тарбия берүүчү милдеттери аткарылды. Студенттер үчүн жагымдуу эмоционалдык маанай түзүлүп, жуптарда жана топтордо иштөө кызыктуу деңгээлде өттү. Бүгүнкү сабак максатына жетти деп эсептейбиз, окутуучуга сунуш катары сабакты илимий маалыматтар менен толуктоо керектигин белгилейбиз. Абдураимова З.С. -ППДЦКнын доценти, п.и.к., - бүгүнкү сабак максатына жетти, сабак өз убагында башталып, өз убагында аяктады. Окутуучу бир нече ыкмаларды колдонуу менен студенттердин активдүүлүгүн, кызыгуусун арттыра алды. Темада көрсөтүлгөн суроолор боюнча жакшы талкуу жүрүп, сабактын максат-милдеттерин, структурасын, мазмунун салыштыруу менен талдай алышты. Сабактын жүрүшү азыркы учурдагы билим берүүнүн талаптарына ылайык жумушчу программага (силлабуска) дал келет. Артыкчылыгы студенттер силлабусту иштетүүнү, документтерге жана адабияттарга талдоо жүргүзүүнү, интеркативдүү методдорун жакшы билишет. Махабат сабакты ар дайым өз убагында өтөт, ишке жоопкерчилик менен мамиле жасайт, коллектив менен жакшы мамиледе. Ахунбекова Т.А. - ППДЦКнын окутуучусу – Окутуучунун студенттер менен болгон мамилеси жакшы экендигин айтууга болот. Анткени сабакта студенттер өзүн эркин сезишип, суроолорго жооп берүүдө топтор менен иштеп, презентацияларды жасашты. Сабактын иштелмесинде көрсөтүлгөн пландар аткарылды. Окутуучу сабак учурунда бир нече интерактивдүү методдорду колдонду. Сабак максатына жетти. Сунуш: студенттердин сүйлөө кебине, терминдерди туура айтуусуна, адабий тилдин нормасында сүйлөөсүнө көңүл буруу керек. Талай кызы Үмүт. – ППДЦКнын окутуучусу - окутуучунун сабак өтүүдөгү аракети көрүнүп турат. Жумушчу программасы ОшМУнун предметтер боюнча жумшчу программаларды жана силлабустарды ишеп чыгуунун №19+ бюллетенине ылайык түзүлгөн. Сабактын максаты, милдеттери жана жүрүшү сабактын иштелмесинде так көрсөтүлгөн, ырааттууулк сакталган. Силлабус алдын ала берилген, студенттер үчүн жеткиликтүү жөнөкөй тилде берилген. Студенттердин сабакка катшыуусу, программаны түшүнүү жана билүү деңгээли талаптарга жооп берет. Ошентсе да жумушчу программаны дагы толуктап, тактап, студенттердин илимий терминдер менен адабий тилдин нормасында сүйлөөсүнө көңүл буруу керек. Чечим: Ачык сабакка катышкан окутуучулардын пикирин угуп жана талкуулап, төмөнкүдөй чечим кылат: 1. Педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Акматова Махабаттын “Психологиялык-педагогикалык практикум”” предмети боюнча өткөн ачык сабагы жакшы деңгээлде өтүлүп, максатына жетти деп эсептелсин. 2. Педагогикалык жана психологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучусу Акматова Махабатты окутуучулук кызмат ордуна дайындоо сунушталсын. Цикл башчы, доцент: Дейдиева Ф.Н. Катчы: Шарабидин кызы Ф.


дата: 13.04.2023г предмет: Психология общения тема: Самопрезентация преподаватель: Талайбек кызы Айдина группа: ДО9-2-22