КАФЕДРАНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

1 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР :

- КРдин билим берүү боюнча Мамлекеттик стандарттарын турмушка ашыруу боюнча иш алып баруу;

- билим берүү процессиндеги илимий-педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын интеграциялоо;

- мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү адистиктеринин негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу;

- педагогикалык- психологиялык дисциплиналар боюнча окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерин иштеп чыгуу;
- предметтер боюнча жумушчу программаларды, силлабустарды, баалоо каражаттарынын фондун жана тапшырмалардын комплексин иштеп чыгуу;

- дисциплиналар боюнча лекциялык, практикалык, лабораториялык сабактардын электрондук варианттарын, электрондук окуу китептерин жана колдонмолорун даярдоо;

- мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү адистиктеринин негизги билим берүү программасына ылайык студенттердин практикаларын уюштуруунун программаларын, тапшырмаларын, күндөлүгүн иштеп чыгуу;

- бүтүрүүчүлөргө квалификациялык мүнөздөмө берүүнүн алкагында кесиптик-компетенттүүлүк даярдыгын аныктоо боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун программаларын иштеп чыгуу.

2- СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ:

- кафедранын илимий – изилдөө иштеринин стратегиялык багыттарын аныктоо жана бекитүү;

- кафедранын окутуучуларынын жекече илимий-изилдөө иштерин тактоо жана активдештирүү;

- окутуучулардын перспективдүү илимий - изилдөө программаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

- кафедранын окутуучуларынын республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышуусуна шарт түзүү;

- РИНЦке катталган журналдарга окутуу процессинин жана илимий-изилдөө иштердин жыйынтыгын жарыялап туруу;

- жаш окутуучулар үчүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча иш чараларды уюштуруу.

3 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. ПРАКТИКАЛАРДЫ УЮШТУРУУ.

- мектептер жана бала бакчалар менен негизги билим берүү программаларын анализдөө боюнча иш-чараларды уюштуруу;

- студенттердин адистик боюнча кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу жаатында иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыш түзүү;

- адистиктер багытындагы дисциплиналар боюнча практикалардын жумушчу программаларын иштеп чыгуу;

- практикаларды уюштуруу боюнча адистиктерге ылайык окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу.

4 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. КАФЕДРАНЫН ОКУТУУЧУЛУК-ПРОФЕССОРДУК КУРАМЫНЫН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТҮҮ.

- жаш окутуучулардын окуу-усулдук жана илимий жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча кафедрада, колледжде семинар-тренингдерди уюштуруу;

- окутуучуларды орто кесиптик билим берүү маселелери боюнча атайын курстарга, семинарларга жөнөтүү;

- окутуунун инновациялык технологиялар боюнча ачык сабактарды уюштуруу;

- педагогикалык-психологиялык предметтер боюнча илимий ийримдерди түзүү;

- жаш окутуучулардын магистратура, аспирантурага тапшыруусун колго алуу;

- ММК булактарында алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу;

- жаш окутуучларды комплекстүү илимий-изилдөө иштерине тартуу жана программаларга ылайык жыйынтыктарын жайылтып туруу;

- билим берүү программалары боюнча проекттерге катышуу.

5 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. КООМДУК- ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР.

- кафедрадагы окутуучулардын коомго кызмат өтөө маселелери боюнча иштерди алып баруу;

- студенттердин инсандык калыптануусуна жана коомго социалдашуу процессине көмөк көрсөтүү;

- ата-энелер менен тарбия иштери боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- студенттердин маданий жана спорттук иштерге катышуусуна жетектөө;

- окутуучулардын куратордук иштерин колго алуу;

- студенттердин адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды өздөштүрүүсү боюнча иш-чараларды уюштуруу;

- студенттерге, окутуучуларга жана ата-энелерге психологиялык-педагогикалык консультацияларды берүү;

- даталуу күндөргө карата кураторлор менен бирдикте түрдүү тематикадагы иш-чараларды уюштуруу.

6 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМИЙ МЕКЕМЕЛЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ.
- ички кызматташтык: ОшМУнун колледждериндеги педагогика-психология кафедралары менен карым-катнашты уюштуруу;
- сырткы кызматташтык: КРдин орто кесиптик окуу жайларынын педагогика жана писхология кафедралары менен байланыш түзүү;

- академиялык мобилдүүлүк: Коңшулаш жана эл аралык педагогикалык колледждер менен байланыш түзүү;

- кызыктар тараптар (иш берүүчүлөр, ата-энелер, студенттер, бүтүрүүчүлөр) менен кызматташуу.

7 - СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУ.

- бүтүрүүчүлөр ассоциациясын түзүү;

- бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоо жаатындагы иштерди алып баруу;

- иш берүүчүлөр менен кайтарым байланыштын жыйынтыктарын талдоо, сунуштарды берүү;

- карьера борбору аркылуу вакансиялар жарманкелерине катышуу;

- кесип тандоо жана аны улантууу боюнча профориентациялык иштерди уюштуруу;

- техникалык - интернет булактары аркылуу бүтүрүүчүлөр менен кызматташуу.

8- СТРАТЕГИЯЛЫК БАГЫТ. КАФЕДРАНЫН МАТЕРИАЛДЫК–ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ .


Кафедрага караштуу 2 кабинет 411, 411А; 4 аудитория (202, 408, 409, 410) бар. 2 компьютер интернет жана ОшМУнун интернет тармактарына туташтырылган. Кафедранын окутуучулары интернет тармагынан акысыз пайдаланышат. ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш ички интернет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлөт (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730). Кафедра жогоруда көрсөтүлгөн бардык багыттар боюнча керектүү материалдарды ОшМУнун сайтына жайгаштырат жана маалымат ала алат.