学科周期委员会的历史

            2021-жылдын июль айындагы №2331 – ФХД/21 08.07.2021.  ректордун буйругунун негизинде Эл аралак билим берүү программалар колледжинде Коомдук дисциплиналар бөлүмү түзүлүп, бөлүм башчылыгына окутуучу Ж.А. Таштанова дайындалган. Аталган бөлүмдө англис тили, орус тили жана адабияты жана кыргыз тили адабияты жана манас таануу пцклары түзүлгөн. 2021-жылдын сентябрь айынан тартып Англис тили пцкасын окутуучу Б.Ж. Амиракулова жетектеген. 2022-жылдын июль айынын №2577 – ФХД/21 08.07.2022 буйрйгйнйн негизинде коомдук дисциплиналар бөлүмү жоюлуп, ар бири өзүнчө ПЦК аталып, түздөн түз дирекциянын карамагына өттү. Англис тили пцксын кайрадан эле окутуучу Б. Ж. Амиракулова ушул күнгө чейин жетектеп келе жатат.




           Эл аралык билим берүү программалар колледжинин (ЭАББПК) англис тили пцксы Ош мамлекеттик университетинин төмөнкү коллеждеринде: Финансы – юридикалык, STEM инновациялык, индустриалдык – педагогикалык жана медициналык коллеждерде  англис тили жана латын тилдери дисциплиналарын окутат.    

           Англис тили ПЦКсы атайын орто кесиптик билимдүү адистерди (жогоруда аталган коллеждеги адистиктер боюнча) даярдап чыгарууда чоң салым кошот. ПЦкда окутулган англис жана латын тилдери дисциплиналарынын максаты: студенттердин коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу, сөз байлыгын өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү, ар кандай темада баарлашууну үйрөтүү, юридикалык, медициналык, экономикалык, педагогикалык жана техникалык терминдерди кесиптик ишмердүүлүгүндө туура колдонууну окутат. ПЦКнын курамында алдыңкы жана көп жылдык тажрыйбасы бар окутуучулар эмгектенишет. бүгүнкү күндө 2022-2023-окуу жылында пцкда 29 окутуучу эмгектенет, алардын ичинен 3 билим берүүнүн мыктысы, 6 магистр, 20 окутуучу иштешет.