Кафедра жөнүндө
 
    

Музыкалык табиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасы
 
 


Кафедранын башчысы: п.и.к., доцент Иметов Букарбай Иметович
e-mail:bukarbai_agai@mail.ru


Кафедра жөнүндө маалымат:

1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун алдында музыкалык педагогикалык факультети негизделип анын базасында музыканын теориясы жана тарыхы кафедрасы ачылган. Алгачкылардан болуп кафедраны Алма-Ата консерваториясынын бүтүрүүчүсү А. Ленгард жетектеп, кафедранын өнүгүп - өсүшүнө зор салым кошкон. Андан кийинки кафедранын өсүп-өнүгүшүнө кафедра башчылары Осмонбек Мамытов, Темирбек Жолдошев, Кубаныч Осмонов, Кожо Жумабаев, Букарбай Иметов, Муса Абдугулов,Канайым Сагынбаева, Филиппова Раиса Маратовналар салымын кошушкан. Азыркы мезгилдеги кафедранын курамындагы “Ырдоо жана хорду дирижирлөө” кафедрасы 2009-жылы жоюлуп “Музыкалык тарбиялоонун усулу жана теориясы” кафедрасына бириктирилип, учурда «Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө» кафедрасы болуп ишин улантууда. Учурда эки кафедраны п.и.к., профессор Б.Иметов жетектөөдө. Кафедрада 1 педагогика илимдеринин кандидаты, 1 профессор, 2 доцент, 3 ага окутуучу, 2 окутуучу, 2 концертмейстер, 1улук лаборант, 1методист эмгектенишет.