Кафедра жөнүндө

Музыкалык табиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасы Кафедранын башчысы: п.и.к., доцент Иметов Букарбай Иметович e-mail:bukarbai_agai@mail.ru Кафедра жөнүндө маалымат: 1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун алдында музыкалык педагогикалык факультети негизделип анын базасында музыканын теориясы жана тарыхы кафедрасы ачылган. Алгачкылардан болуп кафедраны Алма-Ата консерваториясынын бүтүрүүчүсү А. Ленгард жетектеп, кафедранын өнүгүп - өсүшүнө зор салым кошкон. Андан кийинки кафедранын өсүп-өнүгүшүнө кафедра башчылары Осмонбек Мамытов, Темирбек Жолдошев, Кубаныч Осмонов, Кожо Жумабаев, Букарбай Иметов, Муса Абдугулов,Канайым Сагынбаева, Филиппова Раиса Маратовналар салымын кошушкан. Азыркы мезгилдеги кафедранын курамындагы “Ырдоо жана хорду дирижирлөө” кафедрасы 2009-жылы жоюлуп “Музыкалык тарбиялоонун усулу жана теориясы” кафедрасына бириктирилип, учурда «Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө» кафедрасы болуп ишин улантууда. Учурда эки кафедраны п.и.к., профессор Б.Иметов жетектөөдө. Кафедрада 1 педагогика илимдеринин кандидаты, 1 профессор, 2 доцент, 3 ага окутуучу, 2 окутуучу, 2 концертмейстер, 1улук лаборант, 1методист эмгектенишет. Кафедра төмөндөгү адистикти даярдайт: 550600 “Көркөм билим берүү” профили “Музыкалык билим берүү”(квалификация бакалавр) Нормативдик окуу мөөнөтү: 4 жыл Музыкалык билим берүүнүн бакалавр академиялык баскычына абитуиренттерди кабыл алуу тийешелүү эрежелер боюнча жүргүзүлөт . Башка адистиктерден өзгөчөлөнүп музыкалык билим берүү адистигине кабыл алынган абитуиренттер музыкалык жөндөмдүүлүк жана сабаттуулугу боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө экзамен тапшырышат, ошондой эле кыргыз (орус тили) тили боюнча тест алынат. Сынактардан ийгиликтүү өтүшкөн абитуиренттер окууга кабыл алынып, мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим алышат. Бакалавр академиялык баскычы боюнча окууна аяктагандар магистр академиялык (II – жылдык)баскычы боюнча окуусун уланта алышат. Билим берүү ишмердиги: 550600 “Көркөм билим берүү”, профили Музыкалык билим берүүдө (бакалвр академиялык баскычында ) окутулуучу дисциплиналар (предметтер) 1. Музыкалык тилдин структурасы 2. Гармония 3. Сольфеджио 4. Полифония 5. Музыкалык чыгармаларды талдоо 6. Музыканын тарыхы 7. Чет элдик музыканынтарыхы 8. Музыкалык тарбиялоонун усулу 9. Музыкалык психология 10. Манас жана музыка 11. Дүйнөлүк маданият 12. Көркөм сөз маданияты. 13. Элдик бий 14. Эстрада жана джаз музыка тарыхы 15. Транспозиция 16. Хорду дирижерлөө 17. Хор тануу 18. Шыгыр партитурасы 19. Хорду аранжирлөө 20. Хор класс 21. Хор адабияты 22. Музыканын теориясы 23. Негизги профессионалдык музыка мугалимин тарбиялоо 24. Орус классикалык муз. тарыхы 25. Мектеп чыгармаларын өздөштүрүү 26. Музыка таануу 27. Музыка аркылуу экологияны түшүнүү 28. СНГ музыкасынын тарыхы 29. Ата мекен музыкасынын тарыхы Практикалары: Адаптациялык педагогикалык практика Профессоналдык –базалык практика, Профессоналдык профилдик практика. Кафедранын материалдык-техникалык базасы: Кафедранын материалдык-техникалык базасы музыкалык билим берүү адистигин даярдоого карата мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп берет. Лекциялык залдар, кабинеттер жана аудиториялар лекциялык жана практикалык кустарды өтүүгө ылайык. Музыкалык аспаптар жетиштүү. Кафедранын карамагында үн жазуучу лаборатория иштейт. Окуу усулдук адабияттар менен толук камсыз болгон. Компьютердик класс жабдылган, ал интернет менен туташтырылган. Лекциялык сабактарда мультимедиалык система менен интерактивтик доска пайдаланылат. Окуу процессин методикалык жана информациялык багытта камсыздоо: Студенттерди окуу жана окуу сулудук адабияттар менен камсыз кылуу негизинен университеттин жана факультеттин китепканалары жана окуу залдары аркылуу ишке ашырылат. Китепканаларда окуу усулдук жана илимий адабияттар журналдар, ноталык жазуулар студенттердин сапаттуу билим алуусун толук камсыз кылат. Илимий иштерди жүргүзүү үчүн ата мекендик адабияттар менен кошо чет мамлекеттердин басылмалары пайдала.Булар менен катар студенттерди кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук материалдар менен камсыздайбыз. Студенттердин кошумча материалдарга ээ болуусу үчүн музыкалык сөздүктөр жана музыкалык энцклопедиялар колдонулат. Китепканаларда кыргыз жана чет элдик композиторлодун чыгармаларынын партитуралары китепканаларда жетиштүү.Булардан сырткары университеттин электрондук китепканасынан дагы пайдаланабыз. Китепканаларда искусстовонун, музыканын тарыхы боюнча 40тан ашуун DVD диск бар жана мультмедиалык техналогия боюнча компьютердик продукталар да колдонулат. Бүтүрүүчүлөргө болгон муктаждык жана алардын кесиби боюнча ишке орношуусу: Бүтүрүүчүлөр республиканын билим берүү мекемелеринде музыка мугалими, бала бакчаларда музыкант тарбиячы катары иштешет. Көбүнчө Ош областынын мектептеринде, андан кийин Жалал-Абад, Баткен облустарындагы билим берүү жана маданий мекемелеринде эмгектенишет. Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан окууну артыкчылык диплому менен аяктагандар орто жана жогорку окуу жайларына кызматтка кабыл алынат. Ноябрь айында өткөрүлгөн иш берүүчүлөр менен болгон семинарда биздин бүтүрүүчүлөрдүн билиминин жогору экендигин жана практикалык ык-машыгууларынын талапка толук жооп берерлигин иш берүүчүлөр белгилешти. Магистратура: 560600 “Көркөм билим берүү” профили “Музыкалык билим берүү”(квалификация магистр) Нормативдик окуу мөөнөтү: 2 жыл Бүтүрүүчү кафедра: Музыкалык табиялоонуну сулу, теориясы жана хорду дирижерлөө кафедрасы. Жалпы маалымат: Магистрлерди негизги билим берүү программасы боюнча көркөм билим берүү багытында музыкалык билим берет. Бул программанын негизинде Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориялсы жана тарыхы менен кошо теориялык жана практикалык маселелерди өз ичине камтып, личностин чыгармачылык багыттагы өнүгүүсүн калыптайт. Булар менен катар окутуунун жаңы технологиялары, усулдары, дүйнө элдериндеги көркөм өнөр багытындагы жаңылыктарды бул багыттагы билим берүүнүн прогрессивдүү жактарын окутуп үйрөтөт. Магистранттарды даярдоого факультеттин жана университеттин илимий даражасы бар жогорку квалификациялуу педагогдор жана тажырыйбалуу методисттер тартылган. Билим берүү программасы боюнча магистратуралак академиялык баскычын окуп бүтүргөндөргө “Көркөм билим берүүнүн магистри” - деген мамлекеттик үлгүдөгү диплом ыйгарылат. Кафедрадагы магистрлерди даярдоо үчүн түзүлгөн окуу программасы мамлекеттик билим берүү стандартына толугу менен дал келет. Окутуулуучу курстар (предметтер) 1. Современные проблемы науки и образования 2. Методология и методы научного исследования 3. Философские проблемы образования 4. Психология образования 5. Технологии высшего профессионального образования 6. Организация процесса исследования по педагогическим дисциплинам 7. Информационные технологии в педагогической науке 8. Менеджмент образования 9. Педагогика и психология высшей школы 10. Формирование безопасной образовательной среды 11. Педагогическое мастерство и практическая работа с академическим хором 12. Деловое общение 13. Современные проблемы музыкального образования 14. Нотные записи и сопровождение музыкальных (вокальных) произведений 15. Методика разучивания игры на музыкальном инструменте и развитие музыкальных способностей 16. Научно-теоретические основы художественного образования (муз.худ.образования) 17. Эстетическое воспитание учащихся используя современную музыку как культурной досуг (КПВ) 18. История научного исследования кыргызской народной музыкальной культуры (курс по выбору) 19. Гармонизация кыргызской народной музыки 20. Магистрантын изилдөө жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү 21. Педагогика менен элдик музыканын байланышы жана биримдиги Практикалар: Управленческая практика Научно-педагогическая практика Художественно-творческая практика Магистратуранын жыйынтыктоочу мамлекетти аттестациясы(ГАК): Магистрдик программа боюнча билим алган бүтүрүүчүлөр кесиптик мамлекеттик экзамен кошо магистрдик диссертацияны коргойт. Магистрдик диссертацияны жазуу үчүн илимий жетекчи дайындалат, илимий тема бекитилет, диссертация илимий жетекчинин көзөмөлүндө жазылат.. Магистратураны ийгиликтүү аятактап, магистрдик диссертацияны коргогондорго мамлекеттик үлгүдөгү “Академиялык магистр баскычы” деген диплом ыйгарылат.