АЧЫК ЭШИК

Ош мамлекеттик университетинде кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган чон шоу-программаларды камтыган “Билим майрамы” жыл сайын болуп өтөт. Ош шаарынын бардык мектептеринен абитуриенттер, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелери болуп жалпысынан 5000ден ашуун келген конокторго майрамдык салтанатты Таланттар академиясынын студенттери жандуу үн, оркестрдын коштоосуда чыгармаларды аткарышып, өзгөчө бийлер, шайыр тапкычтар клубунан күлкү, дизайнерлердин мода көргөзмөлөрү сыяктуу өзгөчө программадагы концерт тартуулап, келген коноктордун маанайын көтөрүп, майрамды шаңга бөлөшөт.