8-МАРТ
Ош мамлекеттик университетинин ректоратынын мырзалар жамааты Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында 8-март Аялдардыг эл аралык майрамына карата күнү университеттин жалпы айымдар жамаатына майрамдык кече тартуулашты. Кечеге келген конокторду ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков башында турган ректораттын мырзалары Бабур театрынын фойесинде жандуу музыканын коштоосунда тосуп алып, шириндиктерден даам сыздырып, каалоолорун айтып тосуп алышты. Ошондой эле жалпы айымдар жамаатынын урматына университеттин таланттуу студент мырза-айымдарынан куралган кыз-жигиттин “Сармерден” оюнунун 2-айлампасы тартууланып, майрам ээлеринин маанайын көтөрүп, кубаныч тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков университеттин профессорлук-окутуучулук жамаатынын, студенттер жамаатынын басымдуу бөлүгүн түзгөн эжекелерибизге, студент кыздарыбызга жагымдуу маанай тартуулоону максат кылып алганбыз деп баардык аялзатын майрам менен куттуктап, ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошуп, студенттерге татыктуу билим, тарбия берип жаткан айымдарга университеттин Ардак грамотасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле “Кыргыз Туусу” гезити тарабынан уюштурулган “Кыргыздын кыраан кыздары” сынагынын жеңүүчүлөрү болушкан эжекелерди сыйлыктары менен куттуктады.