Тарыхы

 

Кыскача тарыхы (түзүлгөн датасы / буйруктар, негизги урунттуу окуялар, фактылар жана жетекчилери жөнүндө маалыматтар камтылган)

Кафедра алгачкы ирет 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында түзүлүп, “Педагогика жана психология” кафедрасы деп аталган. Өзүнүн 70 жылга жакын тарыхында кафедра төмөндөгүдөй өнүгүү жолун басып өттү:

1951-1958-жылдары кафедраны психология илимдеринин кандидаты, доцент Г.С.Медельян жетектеген;

1958-1971-жылдары психология илимдеринин кандидаты, доцент В.И.Овчинников башкарган;

1971-1973-жылдары кафедраны доцент Б. Тойбаев жетектеген.

1973-1976-жылдары доцент К. Жумабаев кафедраны жетектеп турган. 1976-жылы К.Миңбаев педагогика илими боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1977-1979-жылдары доцент Ж. Бешимов кафедрага башчылык кылган.

1979-жылы “Педагогика жана психология” кафедрасы эки кафедрага бөлүнүп, ал кафедралар “Педагогика жана психология” жана “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы” деп аталган.

1979-87-жылдары кафедраны п.и.к., доцент Б. Апышев башкарып турган. 1980-жылы кафедранын илимий потенциалын көтөрүү максатында Өзбекстандан пс.и.к., доцент А. Аманов чакыртылып келинген. Ушул эле жылы Д.М.Лондон психология илими боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

Бул мезгилде кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында да жумуштар жүргүзүлүп ошол мезгилде бүткүл союздук мааниге ээ болгон “Петровскийдин стенди”, “СПИ-IМ” жана “Темпинг-тест” деп аталган техникалык аппараттардын комплекси чоң суммадагы каражатка Днепропетровский шаарынан алынып келинген. Анын жардамында бир топ илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

1987-жылы доцент Б. Апышевдин сунушу менен “Педагогика жана психология” кафедрасы “Педагогика” жана “Психология” деп аталган эки кафедрага бөлүнгөн. Курамында пс.и.к., доцент Д.Лондон, пс.и.к., доцент А.Аманов, окутуучулар Д.Жолдошбаев, Т.Качикеев, Ф.Султановалардан турган “Психология” кафедрасын жетектөө милдети Д.М.Лондонго жүктөлүп, ал 1989-жылга чейин башкарган.

1989-1992-жылдары пс.и.к., доцент А.Аманов кафедрага башчылык кылган. Бул мезгилде кафедранын күчү менен биринчи жолу 1989-жылы декабрь айында «Мугалимдик кесиптин актуалдуу проблемалары» деген илимий конференция уюштурулуп, кафедра илимге болгон жөндөмдүлүгүн көрсөтө алган. 1989-жылы окутуучу Д.Жолдошбаев Ташкент шаарындагы Низами атындагы ТГПИнин психология кафедрасына күндүзгү бөлүмгө аспирантурага өткөн. 1990-жылы кафедранын мүчөсү Т.Качыкеев психология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1992-1996-жылдары кафедранын башчысы болуп пс.и.к., доцент Т.Качыкеев жетектеген.

1996-жылы алтернативдик шайлоонун негизинде пс.и.к., доцент А.Закиров кафедра башчысы болуп шайланып, ал 2000-жылга чейин жетектеди. Бул мезгилде (1999-ж.) кафедранын мүчөсү А.Жолдошева педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

1997-1998-окуу жылында кафедранын базасында «Психолог» адистиги ачылып, “Философия жана башкаруунун технологиялары факультетинин курамына киргизилген.

2000-жылы “Психология” кафедрасы “Психология” жана “Педагогикалык психология” кафедралары болуп бөлүнгөн. Жаңы түзүлгөн “Психология” кафедрасын 2000-2005-жылдары доцент Закиров жетектеген. Ал эми “Педагогикалык психология” кафедрасын 2000-2005-жылдары п.и.к., доцент А.Жолдошева башкарган.

2006-2007-жылдары психология кафедрасынын башчылык милдетин аткаруу милдети п.и.к., доцент А.Батыралиевге убактылуу жүктөлгөн.

2006-жылы “Психология” жана “Педагогикалык психология” кафедралары кайрадан бириктирилип “Психология” кафедрасы деп аталып, педагогика жана дене-тарбия факультетинин курамына кошулган. Кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп п.и.к., доцент А. Бердиев дайындалган.

2006-2011-жылдарда кафедраны п.и.к., доцент А. Бердиев жетектеди. Кафедранын мүчөлөрү О.Ажиматов 2009-жылы    психология илимдери боюнча, 2011-жылы С.Кошонова педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертацияларын коргошкон.

2011-жылы кафедра профессор Б. Апышев жана доцент Д. Жолдошбаевдин демилгеси менен түзүлгөн педагогикалык, психологиялык илимий-усулдук борборунун курамына киргизилген.

2011-2013-жылдары кафедраны доцент Д.Жолдошбаев жетектеген. 2013-жылы кафедранын мүчөсү Т.Умурбекова педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Бул окуу жылдары республика боюнча жогорку жана атайын орто окуу жайлар болония системасына өткөндүгүнө байланыштуу кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчүлүк мамлекеттик стандарты Д. Жолдошбаевдин түздөн-түз сунушунун негизинде психология дисциплинасы 10 кредиттик саат менен бекитилген.

2013-2018-жылдары кафедраны п.и.к., доцент А.Жолдошева жетектеди. 2015-жылы кафедранын мүчөсү Т.Умаров педагогика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Ал эми Д.Жолдошбаев “Психологиянын магистри” академиялык даражасына ээ болду. 2016-жылы кафедранын базасында “Психолог” адистиги кайрадан ачылды.

2018-жылы “Психолог” адистигиндеги студенттер педагогика жана дене тарбия факультетинин карамагына өткөндүгүнө байланыштуу “Психология” кафедрасы “Жалпы психология” жана “Психология” кафедралары болуп бөлүнгөн. Жаңы түзүлгөн “Психология” кафедрасы педагогика жана дене тарбия факультетинин курамына кошулуп, аны убактылуу жетектөө милдети п.и.к., доцент А.Жолдошевага жүктөлдү.

Ал эми “Жалпы психология” кафедрасы факультеттер аралык тейлөөчү кафедра катары түзүлүп, “Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү” борборунун курамында калтырылды. 2018-жылдын 27-августунан тартып кафедраны жететектөө п.и.к., доцент Т.Умаровго убактылуу жүктөлдү.     

Азыркы мезгилде кафедрада 3 илимдин кандидаты (анын ичинен 1 пс.и.к., 2 п.и.к.), 4 улук окутуучулар жана 1 лаборант  эмгектенишет.

 

КАФЕДРАНЫ ЖЕТЕКТЕГЕНДЕР

 

Ф.А.А.

илимий даражасы, наамы

Жылдары

1.

Кайбышев А.Г.

доценттин м.а.

1944-48-жж.

2.

Григорев М.

доцент

1948-51-жж.

3.

Медельян Г.С.

Психол.и.к., доцент

1951-58-жж.

4.

Овчинников В.И.

Психол.и.к., доцент

1958-71-жж.

5.

Тойбаев Б.

П.и.к., доцент

1971-73-жж.

6.

Жумабаев К.Ж.

П.и.к., доцент

1974-76-жж.

7.

Бешимов Ж.

П.и.к., доцент

1977-79-жж.

8.

Апышев Б.А.

П.и.к., доцент

1979-87-жж.

9.

Лондон Д.М.

Психол.и.к., доцент

1987-89-жж.

10.

Аманов А.М.

Психол.и.к., доцент

1989-1992-жж.

11.

Качыкеев Т.Ж.

Психол.и.к., доцент

1992-1996-жж.

12.

Закиров А.З.

Психол.и.к., доцент

1996-2005-жж.

13.

Батыралиев А.Б.

П.и.к., доцент

2006-2007-жж.

14.

Бердиев А.К.

П.и.к., доцент

2006-2011-жж.

15.

Жолдошбаев Д.А.

Психол. илим. магистри, доцент

2011-2013-жж.

16.

Жолдошева А.Ө.

П.и.к., доцент

2013-2018-жж.

17.

Умаров Т.Н.

П.и.к., доцент

2018-жылдан бери.