Fakülte Dekanı
                                                                                                                        Урматтуу замандаш!
      Коомубуздун ийгилиги – ар бирибиздин ийгилигибизден турат. Ал үчүн биз учурга реалдуу баа берип, келечекти көрө билип, анын талаптарына ылайык адистерди даярдоо – биздин милдет, студенттерибиздин муктаждыгы.
    Дүйнөдөгү экономикалык абалдын тездик менен өзгөрүп өнүгүүсү, Кыргызстандын алардын арасында татыктуу жашап кетүүсү үчүн экономикалык жана башкаруучулук билим-жөндөмдөрүнө ээ адистердин чыгуу муктаждыгы артып бара жаткандыгы шексиз.
  Бизнес жана менеджмент факультети дүйнөлүк стандарттарга жооп берген экономика жана менеджмент багытында өз ишин эң мыкты билген адистерди даярдоону максат кылган жана ишке ашырып келет.
    Бизнес жана менеджмент факультети 9 адистиктеги коомго зарыл болгон адистерди даярдап, Ош мамлекеттик университетинин, жалпы эле Кыргызстандын эң алдыңкыларынан болуп, инновациялык жана интеграциялык процесстердин таралуусуна чоң салымын кошуп келет деп айтууга толук укуктуубуз. Факультетибиздин эл аралык аккредитациядан өтүүсү дагы буга далил боло алат жана биз берген билим эл аралык стандарттарга толук жооп берээрин тастыктайт.
  Факультетибиз өзүнүн профессионал окутуучулук курамына таянып, эл аралык байланыштарынын бекемдигин жана ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мекенибиз Кыргызстанды өнүгүүсүнө зор салым кошооруна ишенемин.
 

Сиздерди терең урматтоо менен, "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Исраилов Тимур Мурзабекович