ОшМУнун факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун – ШТК (КВН) оюнунун жобосу
23:51
ОшМУнун факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун – ШТК (КВН) оюнунун жобосу
(кыргыз лигасы)
I . Жалпы жобо
ШТКнын максаты жана милдети:
Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;
Ä Студенттердин юмордук сезимдерин өстүрүү;
Ä Студенттердеги шайырдыкты, тапкычтыкты калыптандыруу;
Ä Турмуштук көйгөйлөрдү, терс көрүнүштөрдү азил–тамаша менен туюнтуу аркылуу коомчулукка таасир этүү;
Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;
Ä ОшМУнун факультеттер арасындагы достук мамилени чыңдоо;
Ä Жаштар арасында мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү;
Ä Университетибиздеги талантуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү, аткаруу чеберчилигин жогорулатуу;
Ä Таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү.
II. Командаларга коюлуучу талаптар
Ä Команданын курамы 4-10 адамга чейин болуусу зарыл;
Ä ШТКга таланттуу, тапкыч, куудул жана аткаруу чеберчилиги мыкты студенттер тиешелүү факультеттердин жетекчилигинин сунуштоосу менен катыша алат;
Ä Башка команда даярдаган сценарийди аткарып чыгууга тыюу салынат;
Ä Регламентти туура сактоо керек;
Ä Оюн учурунда одоно уят сөздөрдү колдонууга болбойт;
Ä Темадан четтөө туура эмес.
III . Командаларды каттоо жана ШТКны өткөрүүнүн тартиби
Ä Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;
Ä ШТК кыргыз тилинде өтөт жана 4 турдан турат;
Ä Баалуу белектер уюштуруу тобу тарабынан бекитилет.
ШТКны өткөрүүнүн тартиби (программа):
I тур. Саламдашуу – «Мекеним Кыргызстан». ОшМУда Кыргызстандын патриот жаштары билим алып жатышабы? Студенттик чөйрөдө өз мекенин сүйбөгөн, кыргыз тилин, салттарын, тарыхын, маданиятын билбеген студенттерди айрым азил-тамаша сөздөр мене чагылдыруу (5 мүнөт);
II тур. Музыкалык конкурс – «Студеттик унутулгус күндөрдүм». Университет, окуу, китепкана, концерт ж.б.у.с. учурлардагы студенттик кызыктуу жашоону музыканын коштоосунда чагылдыруу. Жалаң гана музыка менен эмес сүйлөөгө уруксат берилет. Музыканын коштоосунда ар кимди тууроого болот. М.: азыркы жаш ырчыларды же дүйнөлүк актерлорду (6 мүнөт);
III тур. Суроо-жооп. Ар бир команданын капитаны же башка оюнчусу кыскача, азил-тамашалуу (студенттерге байланышкан) суроо бериши керек. Башка командалар 30 секунддун ичинде кеңешип, жоопту абдан күлкүлүү кылып бериши керек;
IV тур . Үй тапшырмасы: «ШТК жана саясат». Дегеле бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы саясий кырдаалды, шайлоо, депутаттардын убадалары, отставкалар, пикет, элдин баары саясатка аралашып кетти деген маанини абдан тамашалуу кылып аткарып чыгуу зарыл (6 мүнөт);
Эскертүү: ар бир турдун темаларын өзгөртүп түзсө да болот.
IV . ОшМУнун факултеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери:
Ä ШТК боюнча студенттерге маалымат берүү;
Ä факультеттин курама командасын түзүү;
Ä катышуучу командага ШТКнын шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу, материалдык жана моралдык, идеялык жактан көмөк көрсөтүү;
Ä команданын оюнга катышуу жөнүндөгү арызын ***** чейин уюштуруу тобуна каттоого берүү
Ä бөлүнгөн билеттерди реализациялоо.
V . Уюштуруу тобу
Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:
Ä иш чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;
Ä калыстар тобунун курамын бекитүү;
Ä ШТКнын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо;
Ä ШТКнын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган командаларды сынактан четтетүү;
Ä шартка байланыштуу зарыл учурларда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү;
Ä бардык командалар үчүн атайын бир ширманы даярдоо.
VI . Калыстар тобу
Ä калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат;
Ä калыстар тобунун мүчөлүгүнө профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат;
Ä калыстар тобунун чечими таалкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.
VII . Ыйгарылуучу сыйлыктар
Сыйлык фонду жалпы - ***** сом.
I орунга ***** сом;
II орунга **** сом;
III орунга **** сом;
Калган катышуучу ар бир командага *** сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлыктар берилет.
VIII . ШТКнын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы
ШТК **** -жылдын ***** чейинки аралыкта (атайын жадыбал түзүлөт) саат ***** С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында (ОУДТ) өткөрүлөт.
Эскертүү:
а) ШТКга катышуучу командалар ***** чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш
б) ШТКнын шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламентти сактоо)
в) ШТК учурунда атааңдаштарынын дарегине шек келтирбөө.
Уюштуруу тобу:
Жаштар кеңеши.
Байланыш дареги:
312 23:51 16-09-2021