Новости

ОшМУнун факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун – ШТК (КВН) оюнунун жобосу

ОшМУнун факультеттер аралык студенттик шайыр тапкычтар клубунун – ШТК (КВН) оюнунун жобосу (кыргыз лигасы) I . Жалпы жобо ШТКнын максаты жана милдети: Ä Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу; Ä Студенттердин юмордук сезимдерин өстүрүү; Ä Студенттердеги шайырдыкты, тапкычтыкты калыптандыруу; Ä Турмуштук көйгөйлөрдү, терс көрүнүштөрдү азил–тамаша менен туюнтуу аркылуу коомчулукка таасир этүү; Ä Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу; Ä ОшМУнун факультеттер арасындагы достук мамилени чыңдоо; Ä Жаштар арасында мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү; Ä Университетибиздеги талантуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү, аткаруу чеберчилигин жогорулатуу; Ä Таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү. II. Командаларга коюлуучу талаптар Ä Команданын курамы 4-10 адамга чейин болуусу зарыл; Ä ШТКга таланттуу, тапкыч, куудул жана аткаруу чеберчилиги мыкты студенттер тиешелүү факультеттердин жетекчилигинин сунуштоосу менен катыша алат; Ä Башка команда даярдаган сценарийди аткарып чыгууга тыюу салынат; Ä Регламентти туура сактоо керек; Ä Оюн учурунда одоно уят сөздөрдү колдонууга болбойт; Ä Темадан четтөө туура эмес. III . Командаларды каттоо жана ШТКны өткөрүүнүн тартиби Ä Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт; Ä ШТК кыргыз тилинде өтөт жана 4 турдан турат; Ä Баалуу белектер уюштуруу тобу тарабынан бекитилет. ШТКны өткөрүүнүн тартиби (программа): I тур. Саламдашуу – «Мекеним Кыргызстан». ОшМУда Кыргызстандын патриот жаштары билим алып жатышабы? Студенттик чөйрөдө өз мекенин сүйбөгөн, кыргыз тилин, салттарын, тарыхын, маданиятын билбеген студенттерди айрым азил-тамаша сөздөр мене чагылдыруу (5 мүнөт); II тур. Музыкалык конкурс – «Студеттик унутулгус күндөрдүм». Университет, окуу, китепкана, концерт ж.б.у.с. учурлардагы студенттик кызыктуу жашоону музыканын коштоосунда чагылдыруу. Жалаң гана музыка менен эмес сүйлөөгө уруксат берилет. Музыканын коштоосунда ар кимди тууроого болот. М.: азыркы жаш ырчыларды же дүйнөлүк актерлорду (6 мүнөт); III тур. Суроо-жооп. Ар бир команданын капитаны же башка оюнчусу кыскача, азил-тамашалуу (студенттерге байланышкан) суроо бериши керек. Башка командалар 30 секунддун ичинде кеңешип, жоопту абдан күлкүлүү кылып бериши керек; IV тур . Үй тапшырмасы: «ШТК жана саясат». Дегеле бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы саясий кырдаалды, шайлоо, депутаттардын убадалары, отставкалар, пикет, элдин баары саясатка аралашып кетти деген маанини абдан тамашалуу кылып аткарып чыгуу зарыл (6 мүнөт); Эскертүү: ар бир турдун темаларын өзгөртүп түзсө да болот. IV . ОшМУнун факултеттеринин декандын тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын жана ЖК төрагаларынын милдеттери: Ä ШТК боюнча студенттерге маалымат берүү; Ä факультеттин курама командасын түзүү; Ä катышуучу командага ШТКнын шарты, өтүү тартиби менен тааныштыруу, материалдык жана моралдык, идеялык жактан көмөк көрсөтүү; Ä команданын оюнга катышуу жөнүндөгү арызын ***** чейин уюштуруу тобуна каттоого берүү Ä бөлүнгөн билеттерди реализациялоо. V . Уюштуруу тобу Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары: Ä иш чараларды сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу; Ä калыстар тобунун курамын бекитүү; Ä ШТКнын өтүшү жана жыйынтыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына жарыялоо; Ä ШТКнын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган командаларды сынактан четтетүү; Ä шартка байланыштуу зарыл учурларда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү; Ä бардык командалар үчүн атайын бир ширманы даярдоо. VI . Калыстар тобу Ä калыстар уюштуруу тобу тарабынан аныкталат; Ä калыстар тобунун мүчөлүгүнө профессионалдуу адистер, хореографтар жана маданият тармагындагы белгилүү инсандар дайындалат; Ä калыстар тобунун чечими таалкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт. VII . Ыйгарылуучу сыйлыктар Сыйлык фонду жалпы - ***** сом. I орунга ***** сом; II орунга **** сом; III орунга **** сом; Калган катышуучу ар бир командага *** сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлыктар берилет. VIII . ШТКнын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы ШТК **** -жылдын ***** чейинки аралыкта (атайын жадыбал түзүлөт) саат ***** С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында (ОУДТ) өткөрүлөт. Эскертүү: а) ШТКга катышуучу командалар ***** чейин уюштуруу тобуна кайрылууга тийиш б) ШТКнын шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламентти сактоо) в) ШТК учурунда атааңдаштарынын дарегине шек келтирбөө. Уюштуруу тобу: Жаштар кеңеши. Байланыш дареги:
222 23:51 16-09-2021

                 

Новости

|< 1 >|