Новости

Мобилдүүлүк боюнча иш сапар

Мобилдүүлүк боюнча иш сапар.

2021-жылдын 2-декабрь күнү эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев, кафедранын окутуучулары А.Орозбаева жана А.Садыкбековалар Өзбекстан республикасынын Андижан мамлекеттик университетине жана Фергана политехникалык институтуна Өзбек Республикасынын окумуштууларынын чакыруусу боюнча иш сапарга барып келишти. Ал жерде эки өлкөнүн физик окумуштуулары бүгүнкү күндөгү катуу телолордун физикасы жана жарым өткөргүчтөрдөгү физиканын абалын, өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Калк аралык байланышты бекемдөө максатында Андижан мамлекеттик университетинин жана Фергана политехникалык институтунун жетекчиликтери менен биргеликте мобилдүүлүк, биргелешип кадр даярдоо ж.б байланыштарды күчөтүү максатында 5 жылдык мөөнөткө келишим түзүштү . Ошондой эле Фергана политехникалык институтунун жетекчилиги тарабынан атайын чакыруунун негизинде доцент М.Ч.Осконбаев жаш илимпоздорго жана студенттерге ОшМУдагы физика багытындагы изилдөөлөр жана катуу телолордун физикасы боюнча баяндама жасап, суроолорго жооп берди.

129 14:19 06-12-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|