ЭТФ кафедрасындагы кезектеги илимий семинар.
2022-жылдын 23-март күнү саат 14:00дө ЭТФ кафедрасынын конденсацияланган заттардын физикасы боюнча кезектеги илимий семинары болуп өттү. Семинарга кафедранын улук окутуучусу, физика-математика илимдеринин кандидаты Каденова Батмакан Ажимаматовна “ Теориялык илимий изилдөөлөрдө физикалык теориялардын структурасы ”- деген темада баяндама жасады. Илимий семинарга кафедранын профессордук-окуучулук жамааты жана 510400 “Физика” багыты боюнча даярдалуучу 1- жана 2- курстардын магистрлери катышты. Илимий баяндаманын аягында кызуу талкуу болду.