Новости

БатМУ физиктери мейманда

27-мая күнү ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаевдин чакыруусу менен БатМУнун Кызыл-Кия педагогикалык институнун физика адистигинин 2 жана 4-курстарынын студенттери ОшМУга келишип, физика-техника факультетинин физика адистигин даярдоочу адистешкен лабораториялар, лекциялык залдар жана илимий лабораториялар менен таанышты. Ошондой эле физик окумуштуу агайлар, ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов, ф.-м.и.к., доцент Ж. Эгембердиев, т.и.к, доцент Э. Садыков, ага окутуучулар М.Б. Курбаналиев, А.Жапаркулов менен жолугушуп, агайлардын баалуу кеп-кенештерин угушту. Аягында студенттерге ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев конок-лекция окуп берди.

Факультеттин деканы, доцент З.Ш.Айдарбеков жана ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаевдин атынан БатМУнун профессору Т.М.Таировго жана факультетин деканы, п.и.к, доцент М. Темирбаевке ОшМУга экскурсия жана конок-лекцияларды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.


142 17:23 30-05-2022

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|