Новости

Бүтүрүүчү-2022

1-июнь күнү физика-техника факультетинин физика жана электр менен камсыздоо адистигинин бүтүрүүчү студенттери «Бүтүрүүчү-2022» салтанаттуу кечесин ОшМУнун чоң залында өткөрүштү. Физика адистигинин бүтүрүүчү студенттери уюштурган бул иш чарага физик студенттердин ата-энеси толук катышты. Алыскы Лейлек районунан жана Ала-Бука районунан да келип салтанатка катышты.

Бүтүрүүчүлөр кечесине окуткан агай-эжекелери профессорлор Б.Арапов, А.Ташполотов, доценттер Э.Садыков, Б.Каденова, кафедра башчылары доценттер М.Ч.Осконбаев, Т.Матисаков жана ага окутуучулар М.Б.Курбаналиев, А.Жапаркулов, окутуучулар А. Орозбаева, Ж. Молдоярова, М.Калбекова жана ошондой эле көмөкчү кызматкерлер катышты. Кэчээни факультеттин деканы доцент З.Ш.Айдарбеков ачып, кафедра башчылары жана окуткан профессор-окутуучулары куттукташты. Ата-энелер ыраазычылык сөздөрүн айтышып, бүтүрүүчүлөр даярдаган программаларын тартуулашты. Майда курсун студенттери салтанатты колдоп ырдап, бүтүрүүчүлөргө белектерди тартуулашты

129 11:37 02-06-2022

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|