Новости

23-СЕНТЯБРЬ- "МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ" КАРАТА "ЭЛ ДӨӨЛӨТҮ ЭНЕ ТИЛ" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА

22-сентябрь күнү ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде 23-Сентябрь- “Мамлекеттик тил күнүнө" карата "Эл дөөлөтү -эне тил"аталышындагы салтанаттуу иш чара болуп өттү. Майрамдык иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган кыргыздын каада- салтын чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталып, "Манас"эпосунан үзүндү, көркөм окуу, обондуу ырлар,күүлөр менен коштолду. Мамлекеттик тил күнүнө карата аяк оона айынын жыйырмасында 1-курстун студенттери арасында Айдарбек Сарманбетовдун "Мал киши", аңгемесинин негизинде китеп окуу сынагы уюштурулду. Аяк оона айынын жыйырма бирине видеороликтер сынагынын жыйынтыгы чыгарылса, аяк оона айынын жыйырма тогузу "Өз тилиңде сабаттуу бол" акциясы уюштурулду. Майрамга жигердүү катышкан студенттерге жана уюштуруу тобуна Индустриалдык-педагогикалык колледждин директору, пед.и.к., Шаимкулов Олжобай Акматович, гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гүлназ Араповна жана филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын төрайымы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ызабекова Динара Абдырасуловна ыраазычылык билдирип жигердүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
94 07:47 28-11-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 >|