Новости

ОшМУнун БжМ факультетинин окутуучулары тажрыйба алмашып келишти

27.03.2024 – 29.03.2024 күндөр аралыгында Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Экономика жана Педагогика Университетинин ректору, э.и.к., доцент Раджабов Умурзак Аблакуловичтин чакыруусунун негизинде ОшМУнун Инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректору, э.и.д., профессор Токторов Кубаныч Кадырмаматович жетектеген делегациялык топ жумушчу сапарда болуп келишти.

Бул жумуш сапарынын негизги максаты:

1. Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн ортосундагы көп тараптуу мамиленин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу;

2. Окуу, илимий багытта байланышты күчөтүү максатында Ош Мамлекеттик Университети менен Экономика жана Педагогика Университетинин ортосунда эки тараптуу келишим түзүү;

3. Экономикалык жана педагогикалык багытта билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу;

Иш сапардын жүрүшүндө Токторов Кубаныч Кадырмаматович жетектеген делегациялык топ Экономика жана Педагогика Университетинин жалпы жамааты, структуралык түзүлүшү, материалдык окуу базасы, окуу корпустары менен таанышып чыгышты.

Мындан сырткары студенттер менен болгон жолугушуулар болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө Ош Мамлекеттик Университети боюнча бир топ маалыматтар берилди, кызыктуу суроо-жооптор орун алды жана өз ара сабактарга катышуулар, конок лекциялар, мастер класстар уюштурулду.

Иш сапардын жыйынтыгында студенттердин билим-деңгээлин, дүйнө таанымын көтөрүү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча бир топ келишимдер түзүлдү.

Аталган иш сапарда “Бизнес жана менеджмент” факультетинин БЭАжА кафедрасынын доценти Бекмуратов Алтынбек Топчуевич жана БИжЭМ кафедрасынын ага окутуучусу, декандын тарбия иштери боюнча орун басары Оморов Шабданбек Орозмаматович делегациялык курамындын активдүү мүчөсү катары катышып келишти.

Иш-сапар өз максатына жетти.

Урматтуу делегациянын мүчөлөрү баарыңыздардын иштериңиздерде ийгиликтер көп болсун!!!

114 07:46 29-03-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|