Новости

Ардактуу агайыбыздын жаркын элесине…

Анарбаев Рысбай Анарбаевич 1952 - жылы 20 - майда Ош облусуна караштуу Алай районунун Карашыбак айылында төрөлгөн. ОшМУдагы эмгек жолун 1994-жылдан баштап ушул мезгилге чейин үзүрлүү иштеп келген. Ош мамлекеттик университетинде иштегенден бери озунун окутуучулук жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көргөзө алды. Кафедралык деңгээлдеги окуу пландарын түзүүдө жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө активдүү катышуу менен, жумушчу программалар түзүлүп, студенттер үчүн усулдук көрсөтмөлөр даярдалган. Кафедранын окуу бөлүм башчысы жана профсоюз коому болуп иштөө учурунда алгылыктуу иштердин башатында болгон. Окулган лекциялык жана практикалык сабактары жогорку илимий-методикалык деёгээлде даярдалып, студенттердин зор кызыгуусун арттырып келген. Агайдын жеке жетекчилиги менен кадавердик материалдар препаровка болуп, музейдик препараттар, окуу къргъзмъ куралдар даярдалган. Анарбаев Р.А. жаш мугалимдердин насаатчысы болуу менен илимий иштерине да жардам берип келген. Факультеттин шахмат клубунун тренер-судьясы. Факультеттин жана университеттин коомдук иштерине активдуу катышуучусу. Коомдук иштердеги активдүүлүгү, саламаттык сактоо жана агартуу системасындагы алгылыктуу иштери үчүн деканат, ректорат, профсоюз уюму тарабынан Ардак Грамоталар менен сыйланган. Кафедра мүчөлөрү менен биргеликте даярдалган бир нече илимий жана окуу методикалык эмгектердин автору. Анарбаев Р.А. 2015-жылдын 1-декабрында капысынан келген оорудан улам бул жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Ош мамлекеттик университетинин ректораты, медицина факультетинин деканаты, «Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен» кафедрасынын жалпы жамааты сыймыктуу жана ардактуу аксакал агайыбыз Анарбаев Рысбай Анарбаевичти акыркы сапарга узатып жатып айтарыбыз: жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун. Сиз баштаган алгылыктуу иштер жалпы жамааттын эсинде түбөлүккө ар дайым кала бермекчи.
3416 09:51 04-12-2015

                 

Новости

|< 19 20 21 22 23 >|