Новости

ОшМУнун медицина факультетинде «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында кезектеги семинар болуп өттү

2015-жылдын 15-17 – декабрь күндөрү Ош шаарында ОшМУнун медицина факультетинин базасында «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында жумушчу семинар өткөрүлдү. Аталган семинарга КРнын Саламаттык сактоо (Жусупбекова Н.Э.), Билим берүү жана илим (Абылкасымова Г.М.) министрликтеринин өкүлдөрү, “MER” долбоорунун менеджери (Орозалиева Г.С.), координатору (Мамбеталиева Д.К.) жана эксперттер тобу (Исмаилова Ж.С., КММА; Бобушева Г.С., КРСУ), ОшМУнун медицина факультетинин тейлөөчү жана бүтүрүүчү кафедраларынын башчылары, деканат жана ректорат өкүлдөрү, жумушчу топтун мүчөлөрү катышышты. Күн тартибине койулган “Организация разработок при внедрении интегрированных программ” аттуу темадагы жумушчу кеңешмеде “Разработка проекта структуры организации процесса в ОшГУ”, “Учебный план, организация новых форм и методов обучения, работа в команде, цели, компетенции при разработке проекта программ (модулей)” сыяктуу иштиктүү маселелер талкууланып, чечимдер кабыл алынды. Жыйынтыгында, жалпы факультет жана конкреттүү 1-курстар үчүн интеграцияланган модулдарды түзүп чыгуу, ишке ашыруу боюнча 11 адамдан турган жумушчу топ түзүлүп, алардын болжолдуу иш-пландары белгиленди. Акырында өткөрүлгөн семинардын жыйынтыктары боюнча on line режиминде Женева университетинин медицина факультетинин өкүлдөрү менен (Ну Виет Ву, Анн Бароффио) скайп-телевидеоконференциясы уюштурулуп, өз ара баарлашуу, ой бөлүшүү аракеттери ишке ашырылды. Семинарга улай, жаңы түзүлгөн жумушчу топ тарабынан 17-декабрь күнү медицина факультетинин үч: “Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен”, “Табигый илимдер дисциплиналары” жана “Гистология жана патанатомия” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда өздүк кеңешме уюштурулуп, жыйынтыктар боюнча маалыматтар берилди. Факультеттин деканы, профессор Арстанбеков М.А., жумушчу топтун төрагасы, профессор Камалов Ж.К., мүчөлөрү: проф. Шатманов С.Т., доц. Калматов Р.К., доц. Сакибаев К.Ш. катышкан жалпы жамаатка өз каалоолорун айтуу менен бүгүнкү күндөгү медициналык билим берүүнүн актуалдуу деп эсептелген жагдайларына кеңири токтолушуп, аткарылчу иштердин маанилүүлүгүн аныктап өтүштү. Аягында ар бир кафедрага жумушчу топ тарабынан атайын информациялык-маалыматтар пакети таркатылып, апта сайын аткарылчу иштердин мазмууну сунушталып, бекитилди.
3468 16:18 17-12-2015

                 

Новости

|< 19 20 21 22 23 >|