Новости

“Нормалдуу анатомия” боюнча стажер-окутуучунун алгачкы ачык сабагы өткөрүлүп, сунуштар белгиленди

2015-жылдын 4-декабрында кафедранын жаш стажер-окутуучусу Э.С. Туйчиева “Ачык сабактардын эки жумалыгы” иш-чарасынын алкагында өзүнүн ачык сабагын уюштурду. Сабак Лк-11-15 тайпасына 2-парада “Мышцы и фасции тазового пояса и бедра” аттуу темада алдын ала даярдалган иштелмеси боюнча өткөрүлдү. Негизинен алганда койгон максаты, уюштуруусу, өткөрүүсү, бышыктоо жана студенттердин активдүүлүгү окутуучу тарабынан белгилүү бир даярдыктын бар экендигин белгилеп турду. Өзгөчө көңүл, сабак башталаар алдында студенттердин 3: “Япония”, “Евросоюз” жана “Орто Азия” минигруппаларына бөлүнүшүп анатомия предметин окуп үйрөнүүдө колдонулуп жаткан заманбап изилдөө методикасы чоң роль ойнооруна басым жасоого аракет кылышты. Башкача айтканда, презентациялык окуп үйрөнүүчү материалдарды слайдшоу, 3D формат үлгүсүндө жана традициялуу формалардын образдарын ачууга аракеттеништи. Колдонулган натурщик (табигый дене) жана булчуңдардын функцияларын түз студенттер аркылуу демонстрацияланышы практикалык көндүмдөрдүн калыптанышына мүмкүнчүлүк түздү. Канткен менен жаш окутуучунун сабак өтүүдөгү, анын жүрүшүндөгү айрым кетирген кемчиликтери талкууда белгиленди. Ачык сабакка катышышкан м.и.к., доцент С.Джолдубаев, м.и.к., доцент А. Садыкова жана кафедра башчысы доцент К. Сакибаевдер анализ, баа берүү учурунда стажер-окутуучу тарабынан кетирилген мүчүлүштүктөрдү б.а. максатты так койуу, күтүлүүчү натыйжаны белгилөө, хронометражды сактоо, студенттердин ойлорун жалпылоо, толуктоо, демонстрациялык препараттарды (пластинат) жана техникалык каражаттарды рационалдуу колдонуу (интерактивдүү доска), сабактын иштелмесин деталдуу иштеп чыгуу, окуу-методикалык комплексти даярдоого активдүү катышуу жана өзүнүн үстүнөн иштөө сыяктуу орундуу сунуштарын белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында, пландаштырылып жаткан кийинки ачык сабактарын өткөрүүдө сабактын иштелмесин алдын ала кафедранын методикалык семинарында талкуулоо жана жаш окутуучу тарабынан өз ара сабактарга катышууну колго алуусу милдеттендирилди. Жогорудагы талаптарды такай аткарууну мойнуна алып, жаш окутуучунун аракеттенүүсүн эске алганда уюштурулган сабагы келечектен көптү үмүттөндүрөөрү белгиленди.
4835 22:58 04-12-2015

                 

Новости

|< 19 20 21 22 23 >|