Новости

АГИнин студенттери Чолпон-Ата шаарында

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы Кылычбек уулу И. жана жардамчысы 3-курстун студенти Абдылдаев К. Чолпон-Ата шаарындагы С. М. Киров атындагы мектеп-лицейи жана А. Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-9-10-класстарынын окуучуларынын арасында окуучуларды китеп окууга үндөө максатында “Турмуш сабактары 1,2,3,4” китебинин негизинде “Китеп дүйнө” аттуу конкурс өткөзүп келишти. Конкурска Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жана Ысык-Көл райондук китепканасынын өкүлдөрү да катышты. Иш чаранын аягында конкурстун жеңүүчү командаларына жана катышуучуларына грамота жана сыйлык баракчалар берилди.
5970 14:26 13-05-2016

                 

Новости

|< 2 3 4 5 6 >|