Новости

АГИде КТМУнун профессорлоруна ыраазычылык баракчасы берилди

Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Арашан гуманитардык институтунун окуу-тарбия иштерине өз салымын кошуп келе жаткан Кыргыз-Түрк Манас университетинин теология факультетинин деканы проф., д-р. Суат Жебежиге жана КТМУнун окутуучуларына ыраазычылык аземи болуп өттү. Аталган университеттин окутуучуларына институтубуздун жетекчилиги Р. Шамилов тарабынан ыраазычылыктар билдирилип, мындан ары да АГИ менен КТМУнун ортосунда достукту, биримдикти күчөтүүгө жана илимий кызматташтыктын өнүгүүсүнө тилектеш экендигин билдирди. Ошондой эле институттун жетекчилиги тарабынан проф. д-р. Суат Жебежи мырзага каалоо-тилектерин билдирип, институттун билим берүү жараянына кошкон салымы үчүн «ыраазычылык баракчасы» менен сыйлап, калпак, чепкен кийгизди.
7394 14:49 31-05-2016

                 

Новости

|< 2 3 4 5 6 >|