Курбан айтыңыздар менен!
10:23
Урматтуу ОшМУнун жамааты жана Кыргызстандыктар!
Сиздерди Мусулмандардын улуу майрамдарынын бири болгон Курбан айтыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз. Жараткан өлкөбүзгө өсүп өнүгүү, туруктуулук берип, элибизге биримдик, ынтымак ыроолосун. Ар бир үй-бүлөгө эсендик, бакыт берип, дүйнөдө эч качан согуш болбосун. Ажылык ибадатын аткаруу үчүн кеткен мекендештерибиздин тилектерин Жараткан кабыл кылып, ама-эсен мекенге кайтып келишсин. Таарынычтар жазылып, чалынган курбандыктарды муктаж жардыларга таратып, кубанчыбызды тең бөлүшөлү.
Курман айтыңыздар маарек болсун -
АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУНУН ЖАЛПЫ ЖАМААТЫ.
6406 10:23 10-09-2016